Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
тогузунчу сессиясынын 3-шайланган) жыйналышы
2017-жылдын 11-майы № 10/3
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылында жаныдан курулуп жаткан мектептин көчөсүнө Маткасымов Өзгөнбай Токтакуновичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кеңеш айылындагы жаңы мектептин көчөсүнө, союз мезгилинде чарбалык бир топ жооптуу иштерге кызмат өтөгөн, кийинки эгемендүүлүктөн бери ишкерлик менен алектенип элге кызмат көрсөткөн маркум Маткасымов Өзгөнбай Токтакуновичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши ( 3-шайланган) кезексиз онунчу заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылында жаныдан курулуп жаткан мектептин көчөсүнө Маткасымов Өзгөнбай Токтакуновичтин ысымы ыйгарылсын.
2. Кеңеш айыл Өкмөтүнүн Кеңеш айылында жаныдан курулуп жаткан мектептин көчөсүнө Маткасымов Өзгөнбай Токтакуновичтин ысымын ыйгаргандан баштап, жыл сайын жолду ондоп, түзөө иштерин колго алуу жана жолго байланыштуу ар түрдүү иш чараларына жакындан жардам көрсөтүү жагы Ө. Маткасымовдун үй-бүлөсүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбековго жана депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин социалдык- маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштар иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Мансуров |