Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
биринчи уюштуруу сессиясынын ( 3-шайланган ) жыйналышы
2015-жылдын 16-октябры № 4/1
Кыргыз Республикаснын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдарынын талаптарына ылайык Кенеш айыл аймагындагы Ж,Акматалиев жана Т.Сыдыков атындагы орто мектептериндеги жургузулуп жаткан иштеринин жана 1-4-класстын окуучуларына тамак-аштын ( чашке тамак ) берилүүсүнүн абалы жөнүндө
Кыргыз Республикаснын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдарынын талаптарына ылайык Кенеш айыл аймагындагы Ж,Акматалиев жана Т.Сыдыков атындагы орто мектептериндеги жүргүзүлүп жаткан иштеринин жана 1-4-класстын окуучуларына тамак-аштын ( чашке тамак ) берилүүлүсүнүн абалы жөнүндөгү депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү М.Пусурманкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин кезектеги төртүнчү (3-шайланган ) сессиясынын жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл аймагындагы Ж.Акматалиев ( Д.Айдашова ) жана Т.Сыдыков ( А.Акматалиев) атындагы орто мектептерде «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын ишке ашырууда жана билим сапатын жогорулатуу боюнча аткарып жаткан иштеринде бир топ кемчилдиктер орун алгандыгы белгиленсин.
2.Аймактагы мектептин директорлору ( Д.Айдашова, А.Акматалиев ) ;
-билим берүүдөгү кетирилген кемчилдиктерди тез арада жоюу боюнча иштиктүү чараларды көрүшсүн жана ички тартиптин көзөмөлүн күчөтүшсүн;
-окуучуларга сапаттуу билим берүү максатында мугалимдерди өз билимин өркүндөтүү курстарына жиберип, ачык сабактарды уюштурушсун;
-билим сапатын жакшыртуу максатында мектепте материалдык-техникалык базасын чындоо менен окуучулардын арасындагы олимпиадалык топторду жана предиметтик ийримдерди түзүүнү жандандырышсын.
3. Мектептерде 1-4-класстардын окуучуларына бир ирет берилүүчү ысык тамагын берүүдө калькулациясына жана санитардык –гигеналык нормаларын көзөмөлдөөнү мектептеги атайын түзүлгөн комиссиясы колго алышсын.
5. Бул токтомдун аткаралышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча жетектөочү адиси А.Оморова жана депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Акматалиева |