Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтынчы сессиясынын (3-шайланган) жыйналышы
2016-жылдын 17-февралы № 6/1
Кеңеш айыл өкмөтүнун 2015-жылга карата бюджетинин аткарылышынын абалын жана 2016- жылга карата бюджеттин кабыл алуу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетинин аткарылышын жана 2016-жылга карата бюджеттин кабыл алуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдеттин аткаруучу А.Оморованын жасаган билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетинин аткарылышынын абалы боюнча кирешелер бөлүгү 3778,1 мин сом өлчөмүндө жана чыгашалар бөлүгү 3778,1 мин сом өлчөмүндө аткарылгандыгы белгиленсин жана айыл өкмөтунүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысын убактылуу милдеттин аткаруучу А.Оморованын жасаган баяндамасы канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн айрым кемчилдиктери менен 2016-жылга карата кирешелер бөлүгү 4683,8 мин сом ж өлчөмүндө жана чыгашалар бөлүгү 4683,8 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин социалдык маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштар иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Мансуров |