Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтынчы сессиясынын (3-шайланган) жыйналышы
2016-жылдын 17-февралы № 6/5
Кеңеш айыл өкмөтүнүн алдындагы (кайра бөлүштүрүү фондусунун) жерлеринин ижаралык төлөмдөрүн баасын жана келишим мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кеңеш айыл өкмөтунун алдындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижаралык төлөмдөрүнүн баасын жана келишим мөөнөтүн белгилөө жөнүндө Кеңеш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 .Кеңеш айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү жерлеринин ижаралык төлөмдөрү төмөндөгү көрсөтүлгөн баа менен чегерилсин.
1. Суугат айдоо 1 га 600 сом
2. Кайрак айдоо 1 га 400 сом
3.Чөп орунду 1 га 250 сом
4. Бак 1 га 600 сом
2. Келишимдин мөөнөтү типтүү жобого ылайык түзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер адиси Э. Чымыновго милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Мансуров |