Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтынчы сессиясынын (3-шайланган) жыйналышы
2016-жылдын 17-февралы № 6/7
Кеңеш айыл аймагындагы Пор айылына жаңыдан ФАП куруу үчүн айыл өкемөтүнүн бюджетинен акча каражаты болуп берүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын Пор айылында АРИС уюмунун АИД-3 чакан долбоорунун негизинде калкты медицина тарабынан тейлей турган жаныдан ФАП курууда өздүк салымына кошуу максатында Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинен бекитилген акча каражатын чегерүү максатында депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл аймагындагы Пор айылында калкты медициналык жактан тейлөө максатында жаныдан куруу үчүн АРИС уюмунан АИД -3 чакан долбоорунан өздүк салымына кошуу максатында Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинен каралган 100 000 (жүз мин) сом акча каражаты болуп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен Пор айылына АРИС тарабынан жаныдан ФАП курулуучу АИД-чакан долбооруна өздүк салым боюнча бөлүнүп берилген акча каражатын чегерүү жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдеттин аткаруучу А.Оморовага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбеков жана депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин бюджет, социалдык маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштар иши боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Мансуров |