Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтынчы сессиясынын (3-шайланган) жыйналышы
2016-жылдын 17-февралы № 6/9
Кеңеш айыл аймагындагы таштандыларды төгүү үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жер боюнча жетектөөчү адисинин милдеттин аткаруучу Э.Чымыновдун жана Пор айылынын башчысы Ж.Маметеминов, Кеңеш айылынын башчысы Б.Асилбековдордун 2015-жылга карата аткарган иштери жөнүндө отчетторун угуп жана Кеңеш айыл аймагында калктуу конуштардан чыгарылган катуу тиричилик таштандыларын таштоо үчүн маалыматтын угуп жана талкуулап, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18-беренесинин 11-пунктуна, 20-беренесин негиз кылып Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин алтынчы сессиясынын ( 3-чакырылыштагы) жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл аймагындагы калктуу конуштардан чыгарылган катуу тиричилик калдыктарын таштоо үчүн Кеңеш айылынын күн батыш тарабындагы “ Кызыл –Ангел” участкасынан ( жараксыз) 0,25 га жер аянттын бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Калктуу конуштардан чыгарылган каттуу тиричилик таштанды төгүү үчүн бөлүнүп берилген жер участогун, жердин категориясына экологиялык, санитардык талапка жооп берерлигин тактап, мамлекеттик каттоодон алуу жагы Кара-Кулжа райондук “жер кадастр жана жерге жайгаштыруу башкармалыгынан суралсын.
3. Калктуу конуштардан чыгарылган каттуу тиричилик таштоочу жайдын, тосмо курулуш иштерине архитектуралык пландоо документацияларын даярдап берүү жагы Кара-Кулжа райондук “Шаар куруу жана архитектура” башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба , жерге жайгаштыруу, курулуш транспорт, өнөр жай, соода ишмердүүлүк байланышы, энергетика, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Токторовго тапшырылсын.
Төрага | Р.Мансуров |