Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтынчы сессиясынын (3-шайланган) жыйналышы
2016-жылдын 03-ноябры № 8/1
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө Кеңеш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдеттин аткаруучу А.Оморованын жасаган билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышынын абалы Кеңеш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысын убактылуу милдеттин аткаруучу А.Оморованын жасаган билдирүүсүн угуп айрым кемчилдиктер менен канаттандыраарлык деп табылсын.
2. 9 айынын жыйынтыгы менен 2016-жылдын бюджетин жыйынтыктоодо жана 2017-жылга карата айыл өкмөтүнүн бюджеттин болжолдуу долбоорун кароого даярдыктар менен кайчылаш бюджеттин долбоорун отурумга алып кирүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбеков жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдеттин аткаруучу А.Оморовага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин социалдык маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштар иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Мансуров |