Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сегизинчи сессиясынын (3-шайланган) жыйналышы
2016-жылдын 03-ноябры № 8/2
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Пор айылында жаныдан курулуп жаткан ФАПка Мураталиев Маматураим Медеровичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин Пор айылына АРИС уюмунун каржылоосу менен жаныдан курулуп жаткан ФАПка мурда “Аткелтир” ФАПтын башчысы болуп көп жыл эмгектенген Мураталиев Маматураим Медеровичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши (3-шайланган)кезектеги сегизинчи заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн Пор айылында жаныдан курулуп жаткан ФАПка Мураталиев Маматураим Медеровичтин ысымы ыйгарылсын.
2. Кеңеш айыл Өкмөтүнүн Пор айылында жаныдан курулуп жаткан ФАПка Мураталиев Маматураим Медеровичтин ысымын ыйгаргандан баштап, жыл сайын ондоп, түзөө иштерин колго алуу жана ар иш чараларына жакындан жардам көрсөтүү жагы Мураталиев Маматураим Медеровичтин үй-бүлөөсүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рысбековго жана депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин социалдык- маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштар иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Мансуров |