Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-июну № XXIX – 1
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү жамааттын уставын карап чыгып,талкуулап бекитүү максатында Найман айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамааттын уставы,талкууланып бекитилсин.
2. Бекитилген устав Ош облустук жана шаардык Юстиция башкармалыгынан катталып,бекиттирүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеёештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ш.Эрматов |
| Ноокат районунун Найман айылдык Кенешинин кезектеги сессиясынынын 2016-жылдын 7-июнундагы №XXIX-1 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасы, Ош облусу Ноокат районунун Найман айыл өкмөтүнүн
ЖЕРГИЛИКТүү ЖАМААТЫНЫН
АЙЫЛ МЫЙЗАМЫ (УСТАВЫ)
Биз, Найман айылдык Кенешинин аймагында жашаган граждандар,арабызда бузулгус биримдикти, ынтымакты, коомдук тартипти жана бейпилдикти орнотуу, айыл жергесинде турмуш-тиричилик шартын жакшыртуу, ар бир үй-бүлөнүн жана тургундун бакубат жашоосун камсыздоону коздоп, ушул өз алдынча башкаруу коомдоштугунун (айыл жамаатын) түзүү менен анын коомдук жашоосунун ыйык эрежелери аныкталган ушул Уставды айыл турмушунун негизги мыйзамы катары кабыл
алабыз.
Алдыга койгон ыйык милдеттерди турмушка ашыруу максатында биз эн оболу жалпы адамзатка тиешелүү ыймандуулуктун талаптарын, айылыбызда жашаган бардык улуттардын өкүлдөрүнүн каада-салттарын, асыл-наркатрын өзүнө камтыган Манас бабабыздын төмөндөгү жети осуятын ыйык тутуп, аларды бакубат турмушубузду курууда негизги курал жана каражатыбыз
катары колдонобуз.
1. Эл журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир женден кол чыгарган биримдиги;
2. Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтак;
3. Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет;
4. Арыбас мээнет, алдынкы өнөр менен билим аркылуу бакубат дөөлөт;
5. Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк;
6. Табият менен татгуу мамиледе болуу;
7. Кыргыз мамлекетин чындоо жана аны көздүн карегиндей сактоо.
1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
Жергиликтүү жамааттын негизги мыйзамы болгон айыл мыйзамы төмөндөгүлөрдү аныктайт жана камтыйт:
•жамааттын негизги шарты жана максаттары;
•жамааттын өзүн-өзү башкаруунун принциптери;
•жамааттын өз алдынча башкаруу органдарыны;
•жамааттын мүчөлөрү;
•жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;
•жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары;
•жамааттын финансалык-экономикалык негиздери;
•жамааттын мүчөлөрүнө жана өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуучу сыйлык чаралары;
•жамааттын мүчөлөрүнө жана өз алдынча башкаруу органдарынын курамына көрүлүүчү жаза чаралары;
•жамааттын өзгөчө укуктары;
•мыйзамды кабыл алуунун, өзгөртүү жана толуктоолоруду киргизүүнүн тартиби;
•жааматтын турмушундагы мамлекеттик мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка маселелери.
II. ЖАМААТТЫН ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУСУН УЮШТУРУУНУН НЕГИЗГИ ШАРТЫ ЖАНА МАКСАТТАРЫ
1. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун жана жүргүзүүнүн негизги шарты - бул жамааттын жергиликтүү маанидеги бардык коомдук- пайдалуу маселелерди өз жоопкерчилигине алып, алардын мыйзам чегинде өз алдынча чечүүгө жана башкарууга жөндөмдүүлүгү.
2. Өз алдынча башкарууга өтүү менен жамаат максаттарды көздөйт:
•мыйзам чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди көз карандысыз, өз алдынча жана өз убагында чечип туруу максатында айылдык Кенештин айманындагы каражаттарын, социалдык обөектилерди жана башка материалдык байлыктарды мамлекеттик менчиктен ажыратып алууну, ошондой эле башка мүлк ээлеринин ыктыярдуу түрдө берген мүлк-байлыктарын өткөрүп алуунун негизинде жамааттын ортолук менчик жана финасалык экономикалык базасын түзүүнү;
•айылдык Кенештин бюджетин өз алдынча түзүүгө, толуктоого жана анын калктын мүдөөсүн аткарууга жумшоого;
•жамааттын мүчөлөрүн өз алдынча башкаруу жана тарбиялоо ишине тартуу менен демократияны өнүктүрүп, мыйзамдын так сакталышына ан-сезими жана активдүүлүгүн жогорлатууга;
III. ЖАМААТТЫН ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУНУН ПРИНЦИПТЕРИ
Жамааттын өз алдынча башкаруусу төмндөгү принциптерде жүргүзүлөт:
•жергиликтүү маанидеги маселелрди чечүүгө жамааттын өз алдынчалагы, өзүн өзү камсыз кылуу, өзүн өзү тарбиялоосу жана жөнгө салуусу;
•өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигинин жамааттын мүчөлөрү тарабынан көзөмөлдөнүшү жана аларды эл алдындагы жоопкерчилиги;
•жамааттын өз алдынча башкаруусун өкүлдүк органы болгон айылдык Кенештин депуттарынын жамаатын мүчөлөрү тарабынан жашыруун, ал эми анын аткаруучу-тескөөчү органы болгон айыл өкмөтүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин кызматка дайындалышы;
•жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк, аткаруучу-тескөөчү жана аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары менен милдеттеринин так чектелиши;
•социалдык акыйкаттуулуктун сакталышы;
•жааматтын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын корголушу;
•жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги маалымдуулукту, аныктыкгы, коомдук брикмелер, уюмдар жана калктын кенири катмары менен тыгыз байланышы;
•жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарда, элдик жыйындарда айылдык Кенеш менен айыл өкмөтүнүн жыйналыштарында жергиликтүү маанидеги маселелрди көтөрүү жана пикир айтуу эркиндиги;
•өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди өздөрүнө ыйгарылган укуктарынын чегинде өз алдынча чече алуусу, кабыл алган чечимдерин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу боюнча жамааттын жана мамлкеттин алдындагы жоопкерчилиги.
IV. ЖАМААТТЫН ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ
Жамааттын өз алдынча башкаруусу анын төмөндөгү органдары аркылуу жүзөгө ашырылат:
•жамааттын мүчөлөрү тарабынан шайланган өкүлдүк органы айылдык Кенеши;
•айылдык Кенештин аткаруучу-тескөөчү орган - айылдык өкмөтү;
•аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары (айылдардын өз алдынча башкаруу коомдук кенештери, турак-жай, көчө жана кварталдык комитеттер ж.б.);
•аксакалдар соттору, коомдук тартипти коргоо кошундары;
•жамааттын материалдык-финасалык байлыктарын пайдалануу боюнча элдик көзөмөл тобу;
Жамаат түздөн-түз өз алдынча башкарууну төмөндөгү демократиялык жолдор аркылуу турмушка ашырат:
•жергиликтуу айылдык референдумдар;
•жамааттын мүчөлөрүнүн курултайлары;
•айылдык жыйындар, чогулуштар ж.б.
Жамааттын өз алдынча башкаруусунун өкүлдүк жана аткаруучу- тескөөчү органдарын уюштуруунун негизги тартиби жана иш аакеттери, ошондой эле жергиликтүү айылдык референдумдар жана жамааттын курултайларын өткөрүү эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу жөнгө салынат.
Эскертүү: Жамааттын өз алдынча башкаруусунун өкүлдүк, аткаруучу- тескөөчү жана башка органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, өз аймагында ардагерлердин, аялдардын, жаштардын, өспүрүмдөрдүн, коомдук уюмдарга жана коомдук түзүлүштөргө көмөк көрсөтүшөт жана алар менен кызматташат.
V. ЖАМААТТЫН М/ЧӨЛ/Г/
1.Жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алуу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Ар бир айыл башчысы ошол айылдагы 16 жаштан жогорку атуулдарды жааматка кабыл алуу жөнүндөгү тизме тузот. Тизмеге мүчөлүккө кирүүчү атуулдун өзү кол коет.
2. 16 жаш курагына жеткен, Кенештин аймагында туруктуу жашаган, арыз менен кайрылган ушул айыл мыйзамын ниети менен кабылдаган жана анын талаптарын сактаган, анда көрсөтүлгөн өз укуктарын жана милдетгерин турмушка ашырган ар бир тургун жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелет.
3. Туруктуу жашоо үчүн башка жерден көчүп келген Кыргыз Республикасынын граждандары жеке арыздарынын негизинде Кенештин чечими менен жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алынат. Жамаатка мүчө болуп кирүү жөнүндө граждандардын арызы айылдык өкмөтү тарабынан 1 айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен каралууга жатат.
4. Кенештин аймагында туруктуу жашабаган, бирок ошол аймакта өзүнө жеке менчик катары тиешелүү кыймылсыз мүлк же өндүрүштүк каражаты бар, жергиликтүү бюджетке дайыма салыктарды жана жыйымдарды төлөп турган, ушул айыл мыйзамы кабылдаган жана анын талаптарын аткарууга милдеттенген Кыргыз Республикасынын граждандары өз жамаатынын мүчөсү боло алат. Бирок айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер үлүшүнө талапкер боло албайт.
VI. ЖАМААТТЫН М/ЧӨЛӨР/Н/Н УКУКТАРЫ
Жамааттын ар бир ушул айыл мыйзамына ылайык төмөндөгү укуктарга ээ болот.
1. Жамааттын мүчөсү рассасына, улутуна, динине, тилине, жынысына, ата-тегине, уруусуна, дүйнө-мүлктүк жана башка абалына карабастан төмөндөгүлөргө укуктуу:
• жамааттын өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга;
•жамааттын ишин башкарууга байланыштуу маселелерди талкулоого жана аларды турмушка ашыруу боюнча иш-аракеттерге катышууга;
•иш тажрыйбасына, билимине жана жөндөмүнө жараша өз алдынча башкаруу органдарына кызмат өтөөгө;
•жамааттын мүчөлөрү үчүн бекитилген женилдиктерден пайдаланууга;
•жамаатка тиешелүү бардык маселелер боюнча өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө жана коюлган суроолоруна ынанымдуу жооп алууга, алардын иши боюнча пикирин айтууга жана баа берүүгө;
•жамааттын мүчөлөрүнүн биргилешкен күч аракеттери менен түзүлгөн байлыктардан жана каражаттардан, ошондой эле жамаатташтыктан ортолук менчигиндеги уюм, мекеме, ишканалардын кызматтарынан белгиленген чегинде пайдаланууга;
•жергиликтүү референдумдарга, айыл курултайларына, айылдык жыйындарга, айылдык Кенеш менен айыл өкмөтүнүн ачык жыйналыштарына катышууга, өз оюн эркин айтып, талкууланып жаткан маселе боюнча өзүнүн сунуштарын киргизүүгө;
• Айыл Мыйзамында чагылдырылган укуктар өз алдынча башкаруу органдары же алардын кызматкерлери тарабынан бузулса, аларды коргоо максатында аксакалдар сотуна же башка тиешелүү органдарга кайрылууга;
•Айыл Мыйзамынын эрежелерин жамааттын башка мүчөлөрү бузган учурда, өз алдынча башкаруу органдарына жана аксакалдар сотуна кайрылууга;
•аксакалдар соту ушул Айыл Мыйзамында көрсөтүлгөн чектерден чыккан чечимдерди кабыл алынган учурда мамлекеттик укук коргоо жана сот органдарына кайрылууга;
•мыйзамдын чегинде өндүрүштүк, тейлоочулук (сервистик), сода жана калкка башка кызмат көрсөтүү багытындагы ишканаларды уюштурууга;
•адал мээнет, ак эмгек менен өз байлыгын артгырууга жана анны жалпы жамааттык, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишенимдүү корголушуна;
•жамааттын мүчөлүгүнөн өз ыктыяры менен чыгууга;
•Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана айыл мыйзамында каралган башка да укуктардан пайдаланууга.
2. Аталган укуктардан жана ушул айыл мыйзамында көрсөтүлгөн артыкчылыктардан жана женилдиктерден жамааттын мүчөлөрү гана пайдалана алышат.
VII. ЖАМААТТЫН М/ЧӨЛӨР/Н/Н МИЛДЕТТЕРИ
Жамааттын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
•Айыл Мыйзамынын эрежелерин так сактоого;
•жамааттын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдын чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын бардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөөгө;
•жамааттын турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багьпталган бардык коомдук пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы обьектилерди, жолдорду, көпүрөлөрдү, ондогон арыктарды, көчөлөрдү, санитария боюнча тазалоого, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга ж. б. максаттарында уюштурулган ашарларга) катышууларга, аларды ишке ашыруу боюнча -(бекитилген шарттарды, чектерди) нормаларды, өзгөчө кырдаалдарда жана
башка шарттарда коомдук тартипти, граждандык коргонуунун талаптарын сактоо жана башка коомдук кызматтарды милдетгүү түрдө аткарууга;
•жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде жана ушул Айыл мыйзамынын негизинде кабыл алган бардык чечимдерин аткарууга;
•жамааттын белгиленген ортолук менчигин түзүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын кошууга, аларды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого;
•өз үйүн, короо-жайын таза кармоого жана өз убагында ондоп турууга, көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, өз чарбасынан жогорку түшүмдү камсыз кылууга;
•мыйзамдуулукту бузуунун бардык көрүнүштөрүнө, коомчулуктун материалдык байлыктарына зыян келтирүүчүлөргө жана адептүүлүккө көнүл коштук менен мамиле жасобоого;
•курчап турган табиятка (айлана-чөйрөгө) камкордук, сарамжалдуулук менен мамиле жасоого, токой, бак-дарак жана башка өсүмдүктөргө жана жан-жаныбарларга кыянат мамиле кылгандар менен аёосуз күрөшүүгө, тарыхый, маданий жана табийгый эстеликтерди сактоого;
•турак-жай имараттарын куруу эрежелерин так сактоого, турак
үйлөрдү, ага жакын аймактарды пайдаланууда өрт коопсуздугунун
санитардык жана ветеринардык эрежелеринин тура сакталышына
көмөктөшүүгө;
•жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы жерди, суну жана башка жаратылыш байлыктын ортолук менчикте сарамжалдуу пайдаланууга. Өзгөчө милдеттер жана парздар:
•балага кам көрүү жана анын билим алуусуна милдеттүү түрдө жооп берүү,туура тарбиялоо - ар бир ата-эненин милдети;
•ата-энелерине камкордук кылуу - эмгекке жарамдуу жашы жеткен ар бир баланын милдети;
•жамааттын ар бир мүчөсүнө гуммандуулук жана боорукердик менен мамиле жасоо, жетимдерди жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарды, ошондой эле багар-көрөрү жок кары-картандарды, майыптарды, эмгекке жараксыздарды камкордукка алуу жана багуу жалпы калктын ыйык парзы;
•улууга урмат, кичүүгө ызат, аялдарга сый көрсөтүү, аракечтикке, уурулука, бантиликке, сойкулукка, бузукулукка, бекерпоздукка барбоо, жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндигин ызаттоо, коомдук тартипти сактоого катышуу жамааттын ар бир мүчөсүнүн милдети;
•өз үй-бүлөсүндө ынтымактуу, бейпил турмушту камсыз кылуу, кошуна- колондор менен тынчтыкта жашоо, үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгектенүүгө, айрыкча жаш муундардын Ата Мекенин, өз айылын сүйүүгө, патриотукка, интернационализимге, достукка тарбиялоо ар бир үй-бүлө башчысынын милдети;
•ар бир улутгун намысын жана када-салттарын урматтоо, улуттар аралык ынтымактыкты, биримдикти чындоо ар бир улуттун маданиятын өркүндөтүүгө көмөк берүү айылдык Кенештин аймагында жашаган ар бир улуттун өкүлүнүн милдети;
•маркумду акыркы сапарга узатууда жосунсуз жоруктар атап айтканда көнүл айтуу сыяктуу шылтоолоп ичкилик ичүүлөргө катуу тыюу салынсын;
•маркумду коюуда 1 баш койдон ашык союлбасын;
•жыртыш жыртылбасын, кийит кийгизүү, доорон акы берүүгө тыюуу
салынсын;
•спирт ичимдиктерин ичилбесин;
•маркумга биринчи жетилиги гана өткөрүлсүн;
•той-аш берүүдө кеткен чыгым элге жүктөлбөсүн жана ичкиликке тыюуу салынсын;
•мекеме-уюм, ишканалрадагы юбиолейлерди өткөрүү 50 жыл болмоюнча тыюу салынсын;
•кыз берүү, келин алууда, калын алуу эки тараптын макулдашуусу менен жүргүзүлсүн.
•ар бир кожолук өз менчигиндеги малдардын, ит-мышыктарын жыл ичинде бир жолу ветеринардык кароодон өткөрөт
•ичкенчиликке өтө берилген атуулдар коомдук жаза чаралар таасир
кылбаса өзү жашаган айылдын тургундарынын жыйынынын аксакалдар сотунун чечими менен ичкиликтен мажбурлаган дарылоо мекемелерине жөнөтүү жөнүндө сунуш кылат.
•айылдагы ар бир атуул Кыргыз элинини кайрымдуулук салттарын улап, бей- бечараларга жардамга муктаждарга жардам көрсөтүү, максатында айыл өкмөтүнүн алдында фонд ачылсын, түшкөн каражат комисия аркылуу бөлүштүрүлүп турулсун.
•уруксатсыз анчылык кылуу, балык салууга, жаратылышытын жаныбарларына, өсүмдүктөрүнө булгун салууга жол коюлбасын.
•ар бир айылда бада же кезүү уюштурулуп бош жүргөн мал болбоого тийиш. Эгин жана чөп чабанды, үлүш жерлерге түшкөн мал үчүн ээси же бадачы мыйзам чегинде жаза тартат.
•уруксаты, сертификаты жок алкоголдук ичимдиктерди сатуу одоно кылмыш катары белгиленсин.
•Орозо, Курбан айт, Ноорузду спирт ичимдиксиз белгилөө мусулман дининдеги ар бир адамдын ыйык милдети деп эсептелсин.
Эскертүү: той-тамаша жана шаан шөкөт өткөрүүнүн, маркумдарды узатуунун коомдук тартиби Айыл өкмөтү же көчө комитети менен макулдашуусу менен өткөрүлөт.
VIII. ЖАМААТТЫН ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН ФУНКЦИЯЛАРЫ
Жамаатгын өз алдынча башкаруу органдары аткарууга тиешелүү болгон жергиликтүү маанидеги маселеле төмөндөгүлөр:
• коммуналдык менчикти түзүү жана анны башкаруу;
• аймакты социалдык-экономикалык жактан ар тараптан өнүктүрүү, айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайгашкан мекеме-ишканалардын жетекчилерин айыл өкмөтүнүн сунушу менен дайындалуу жана иштөө тартибин көзөмөлдөө;
• жамааттын жер байлыктарды сарамжалдуу пайдалануу, жааматтын жер байлыктарын жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы жансыз мүлктөрдү (бардык курулуш обьектилери) сарамжалдуу пайдалануу үчүн көзөмөлдө болуу;
• турак-жай коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү иштери,
санитардык, көрктөндөрүү иштери;
•соода жана турмуш-тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу;
• жергиликтүү калктын саламаттыгын сактоого көмөк көрсөтүү;
• мектепке чейинки, мектепте жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү;
• калктын өзгөчө асыл жана нарктуу тарыхый, маданий, рухий салттарын, элдин өздүк көркөм чыгармачылыгын, эстеликтерди, музейлерди, китепканалардын сактоо жана өркүндөтүү;
• жамааттын мүчөлөрүн мээнеткеч, үнөмчүл жана жаратман багьггында тарбиялоо;
• дене тарбиясын, спортту, туризмди өнүктүрүү;
• коомдук тартипти сактоо, айылдардын аксакалдар сотунун алдында элдик кошундарды уюштуруу, айыл участкалык инспекторлорунун иштөө тартибине, айыл өкмөтүнүн аймагындагы жол транспортторунун жүрүшүнө көзөмөлдүк кылуу;
•калкка даректүү социалдык колдоону жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү, атуулдарды социалдык жактан коргоону уюштуруу;
•Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Айыл Мыйзамына каршы келбеген башка маселелерди чечүү.
IХ. ЖАМААТТЫН ФИНАНСАЛЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ
Жамааттын өз алдынча башкаруусунун экономикалык жана финансалык негиздерин ортолук менчик каражаттарын төмөндөгүлөр түзөт.
• жамааттын карамагындагы мамлекет, мекеме, уюм, ишкана, ошондой эле менчигинин туруно карабастан коомдук уюмдар, кыймылдар, демөөрчүлөр, жеке адамдар тарабынан ыктыярдуу өткөрүлүп берилген кыймылдуу жана кыймылсыз дүнүйө мүлктөр, социалдык, маданий турмуш-тиричилик жана чарбалык маанидеги обьектилер;
•жамаатка өткөрүлүп берилген жерлер жайыттар, ошондой эле жергиликтүү маанидеги чарба обьектилеринин чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешеле;
•жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктар, жыйымдар жана башка каражаттар;
•кредит ресурстары, дотациялар, субвенциялар жана инвестициялар;
•жаратылыш байлыктарын пайдалангандардан алынуучу акылар;
•ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акылар;
•сатылган азык-түлүктөрдөн түшкөн акылар;
•өз каалоосу менен берилген ыктыярдуу төлөмдөр, кошумчалардын эсебинен түзүлгөн бюджеттен тышкаркы фонддор;
•тышкы экономикалык ишкердүүлүктөн, грантгардан түшкөн чегерүүлөрдүн эсебинен жыйналган финансалык ресурстар.
2. Жамааттын финансылык-экономикалык негиздерин түзгөн байлыктарды айыл өкмөтү тарабынан пайдалануу жана сарптоо тартиби, бюджетти аткаруу айылдык Кенеш тарабынан аныкталат.
3. Жамааттын материалдык финансылык байлыктарынан сарамжалдуу жана туура пайдаланышын коомдук көзөмөлдөө айылдык өкмөт тарабынан түзүлүүчө 5-9 адамдан турган элдик көзөмөлдөө тобу тарабынан жүргүзүлөт.
Элдик көзөмөл тобуна талапкерлер айылдык жыйындар жана коомдук уюмдар тарабынан сунуш кылынат. Бул топтун текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары айылдык Кенештин аксакалдар сотунун же өзгөчө учурларында тиешелүү мамлекеттик органдарынын кароосуна берилет.
X.ЖАМААТТЫН ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ ТАРАБЫНАН КОЛДОНУЛУУЧУ СЫЙЛЫК ЧАРАЛАРЫ
1. Айыл мыйзамынын талаптарын үлгүлүү аткарган коомдук пайдалуу эмгекке активдүү катышкан, кайрымдуулук акцияларына. Домоорчулукко такай көмөктөшкөн, жамаатташтыкка өтө пайдалуу ар кандай кызматын көрсөткөн, өзүнүн жана бүтүндөй үй-бүлөсүнүн жүрүм-туруму боюнча эн жогорку үлгү көрсөткөн жамааттын мүчөлөрүнө, өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине жана башка атуулдарга моралдык жана
материалдык жактан сыйлык катары төмөндөгүлөр колдонулушу мүмкүн:
- алкыш жарыялоо, баалуу белек, башка материалдык жана акчалай сыйлык менен сыйлоо;
- мактоо баракчасын тапшыруу;
- «Ыймандуу үй-бүлө», «/лгүлүү үй», «үлгүлүү көчө (квартал)», «үлгүлүү айыл» деген наамдарды ыйгаруу;
- жааматтын Ардак Китебине жазуу;
- «Айылдын ардактуу атуулу» деген ардак наам ыйгаруу;
-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү.
2. Жамааттын мүчөлөрүн сыйлыкка көрсөтүү төмөндөгү тартипте жүргүзүлөт:
а) жамааттын мүчөлөрүн сыйлыкка көрсөтүү демилгеси айылдын жашоочуларынын жаппы жыйындарына, аксакалдар сотуна, коомдук айыл башчыларына, айыл өкмөтүнүн мүчөлөрүнө, айылдык Кенештин депутаттарына таандык.
б) алкыш жарыялоо, баалуу белек, башка материалдык жана акчалай сыйлык менен сыйлоо мактоо баракчаларын тапшыруу, "Улгулуу уй-було", "/лгүлүү үй", "/лгүлүү көчө", "/лгүлүү айыл" деген наам ыйгаруу тууралуу чечим айыл өкмөтү тарабынан жазуу түрүндө кайрылуулар боюнча кабыл алынат.
в) жааматтын Ардак Тактасына жана Ардак Китебине жазуу, «Айылдын ардактуу атуулу» деген ардак наам ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү жөнүндөгү чечимдер айыл өкмөтүнүн сунушу боюнча айылдык Кенеш тарабынан кабыл алынат.
XI. ЖАМААТТЫН М/ЧӨЛӨР/НӨ ЖАНА ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН КУРАМЫНА КӨР/Л//Ч/ ЖАЗА ЧАРАЛАРЫ.
Айыл Мыйзамынын эрежелерин сактабаган жамааттын мүчөлөрүнө төмөнкү жаза чаралар колдонулат:
•оозеки же жазуу түрүндөгү эскертүү;
•жашаган жерлерде өткөрүлгөн чогулуштарда жана айылдык жыйындарда коомдук таасир көрсөтүү;
• өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген тартипте Ардак наамдардан ажыратуу;
2. Жогорудагы көрсөтүлгөн жоопкерчилик чаралары жамааттын мүчөлөрүнүн, айыл башчысынын, өз алдынча башкаруу органынын кызматкерлеринин сунуштары боюнча айылдык Кенеш, айыл өкмөтү, аксакалдар соту тарабынан колдонулат.
3. Айыл Мыйзамынын эрежелерин одоно түрдө бузган же милдеттерин аткара албаган жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын курамдарына төмөндөгүдөй жаза чаралары колдонулат:
а) айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан өкмөттүн мүчөлөрүнө, квартал башчыларына жана жооптуу кызматкерлерине:
• жазуу түрүндөгү эскертүү;
•төмөнкү кызматка көтөрүү;
б) айылдык Кенештин депутаттарынын үчтөн экисинин чечими менен:
• айыл башчысына эскертүү берүү.
• айыл өкмөтүнүн башчысына, айыл өкмөтүнүн жалпы курамына же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө;
•аксакалдар сотунун жалпы курамына же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө;
• элдик көзөмөлдөө тобунун жалпы курамына же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө.
в) айылдык Кенештин курамына же жеке депутатка мыйзамга ылайык жааматтын шайлоочулары тарабынан ишеним көрсөтпөө.
4. Айыл өкмөтүнө жана айылдык Кенештин жалпы курамына ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечимдер райондук Кенештин төрагасы жана райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы тарабынан жеринде биргелешип текшерилип, тууралыгы аныкталгандан кийин гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толугу менен чечилет.
5. Агын сууларды бузгандарга жана мурабка баш ийбеген инсандарга аксакалдар соту тарабынан мыйзам чегинде чара көрүү;
- айыл өкмөтүнүн же айыл башчыларынын уруксаты берибеген жерлерди өз алдынча айдап жер кыртышын бузгандарга, ата-тегимдин жери деп шылтоолоп мыйзассыз жер ээлегендердин жерин ортолука алынып андан ары курулуш иштери токтотулат;
XII. ЖАМААТТЫН ӨЗГӨЧӨ УКУКТАРЫ
1. Жамаатгаштыкта өтө маанилүү болгон айрым социалдык-экономикалык, чарбалык жана маданий маселелерди башка өз алдынча башкаруу жамааттары менен биргелешил чечүү максатында Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын чегинде белгиленген тартипте ар кандай денгээлде түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча бирикмелерге жана ассоциацияларга мүчө болуп кирүүгө укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте жамаат чет өлкөлүк жана эл аралык өз алдынча башкаруу жамааттары менен алака түзүүгө акылуу.
3. Жамааттын жана анын органдарынын ишмердигиндеги маалымдуулукту, ачыктыкты камсыз кылуу максатында, жамааттын өзүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен массалык маалымдуулук каражаттарын (гезит, баракчалар, жергиликтүү радио түйүндөр ж.б.) мыйзам чегинде түзүүгө жана пайдаланууга укуктуу.
XIII. АЙЫЛ МЫЙЗАМЫН КАБЫЛ АЛУУ ЖАНА ӨЗГӨРТ//, ТОЛУКТООЛОРДУ КИРГИЗ//Н/Н ТАРТИБИ
1. Жамаатгын Айыл Мыйзамынын долбоорун айылдык Кенештин чечими менен түзүлгөн атайын комиссия Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мамлеткеттик администрациялар жөнүндөгү » мыйзамынын 14-статьясынын негизинде иштеп чыгат.
Комиссия тарабынан даярдалган Айыл Мыйзамынын долбоору жамааттын, коомчулуктун мүчөлөрүнүн талкуусуна коюлат.
Талкулоого түшкөн сунуштардын негизинде комиссия Айыл Мыйзамынын долборуна тиешелуүү кошумчаларды киргизип, Айыл Мыйзамынын долбоору жамааттыктын жалпы мүчөлөрүнүн курултайына коюлат.
2. Айылдык курултайында кабыл алынган Айыл Мыйзамы юридикалык экспертизадан өткөрүү үчүн жергиликтүү адилет органында жөнөтүлөт.
Адилет органдары тарабынан чыгарылган корудундусунда көрсөтүлгөн жетишпегендиктерди толуктап айылдык Кенештин сессиясында бекитүү үчүн каралат.
Айылдык Кенештин сессиясында каралып жана бекитилген Айыл Мыйзамы жөнүндөгү чечими кайрадан жергиликтүү адилет органдарына жалпыга милдеттүү болгон нормативдик укуктук акт катары мамлекеттик каттоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 9.03.2000-жылдагы № 124 токтомунда көрсөтүлгөн талаптарына
ылайык жөнөтүлөт. Мамлекетик каттоодон өткөн Айыл Мыйзамы айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 13.12.1999-жылдагы № 681 токтомунун 1 пунктунун 3 абзацына ылайык областтык массалык маалымат каражаттарына жарыяланган учурдан баштап юридикалык күчкө ээ болуп турмушка ашырылат.
3. Айыл Мыйзамы жаряланган күндөн баштап күчүнө кирет жана ал айылдык Кенештин аймагындагы жамааттын бардык мүчөлөрү жана өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кыйшаюусуз аткарылууга жатат.
4. Жамааттын Айыл Мыйзамынын аткарылышына көзөмөлдүктү айылдык Кенештин депутаттары, айылдык өкмөтү, аксакалдар Соттору жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн өздөрү жүзөгө ашырат.
5. Айыл Мыйзамына түзөтүүлөрдү, алымча-кошумчаларды киргизүү ушул айыл мыйзамына кабыл алган тартипте жүргүзүлөт.