Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-июну № XXIX – 4
Найман айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-апрелиндеги №10 –токтомун бекитип берүү жөнүндө
Найман айыл ө кмө түнүн жер комиссиясынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 2 протоколунун негизинде кабыл алынган Найман айыл ө кмө түнүн 2016-жылдын 28-апрелиндеги №10 токтомун карап чыгып,талкуулап Найман айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Найман айыл ө кмө түнүн 2016-жылдын кабыл алынган 28-апрелиндеги №10 токтомдун негизинде «Конкурстун жеӊүүчүсү Козуев Нурмамат Самидиновичке Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 14,30,32-беренелеринин негизинде айыл ө кмө ттүн муниципалдык менчиктеги 10,0 га айыл-чарбасына ыӊгайсыз жер аянтын кайрадан калыбына келтирүү үчүн ижарага берилген» токтому бекитилсин.
Ажыратылган жер аянтын максаттуу пайдалануусу жана салык төлөмдөрүн өз убагында төлөп туруусу жер ээсине милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык Кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш.Эрматов |
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-апрели № 10
Найман айылдык Кенешинин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү комиссиясынын 2016-жылдын 27-апрель № 2 протоколунун чечимин бекитип берүү жөнүндө
Найман айылдык Кенешинин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү комиссиясынын заседаниесинин 2016-жылдын 27-апрель № 2 протоколун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамынын 7-13-статьясына таянып, Найман айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айылдык Кенешинин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү комиссиясынын 2016 –жылдын 27-апрель № 2 протоколунун чечими бекитилсин.
2. Протоколдо каралган Көк Жар айыл өкмөтүнүн тургуну
Козуев Нурмамат Самидиновичке Найман каналынын түндүк тарабынан бош жаткан 10,0 га жер аянтын бак кылып,өздөштүрүү үчүн 20 жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.
3. Ижарага берилген 10,0 га жер аянтын сарамжалдуу,өз багытында пайдалануу жана келишимде көрсөтүлгөн ижара акыларын өз убагында төлөп туруу жагы бузбай пайдаланууга жана жерге тиешелүү салыктарын өз убагында төлөп туруу жагы Козуев Нурмамат Самидиновичке милдеттендирилсин.
4. Козуев Нурмамат Самидиновичке бак кылуу үчүн өздөштүрүүгө ижарага берилген 10,0 га жер аянтына болгон укугун каттап берүү жагы Ноокат районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча адиси К.Байбалаевге тапшырылсын.
Найман айыл өкмөтүнүн башчысы | Р.Шамаева |