Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-июну № 24
К. Калмурзаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушуна жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
2017-жылдын апрел-май айларында Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылында жүргөн жер көчкүсү №13 К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин имаратын басып калгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Мыйзамынын 18-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 4-пунктуна таянып Курбу-Таш айылынын калган бөлүгүнүн тургундарынын 2017-жылдын 13-июнундагы жалпы жыйынын токтомун талкуулап, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин имаратын куруу үчүн Курбу-Таш айылынын Боз-Ала участкасынан жер аянты бөлүп берилсин.
2.Мектептин имаратын куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “айыл чарбасы,өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Х. Каныбаев |
|
|