Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-июну № XXX – 1
Найман айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы №13-токтомун бекитип берүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2016-жылдын 16-июнундагы №3 протоколунун негизинде кабыл алынган Найман айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы №13 токтомун карап чыгып,талкуулап Найман айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
Найман айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы кабыл алынган №13 «Конкурстун жеӊүүчүсү Абдрахманов Муктар Абжалиевичке Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 14,30,32-беренелеринин негизинде айыл өкмөттүн муниципалдык менчиктеги 8,00 га айыл-чарбасына ыӊгайсыз жер аянтын кайрадан калыбына келтирүү үчүн ижарага берилген» токтому бекитилсин.
Ажыратылган жер аянтын максаттуу пайдалануусу жана салык төлөмдөрүн өз убагында төлөп туруусу жер ээсине милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык Кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш.Эрматов |
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-июну № 13
Найман айылдык Кенешинин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү комиссиясынын 2016- жылдын 16-июнундагы № 3 протоколунун чечимин бекитип берүү жөнүндө
Найман айылдык Кенешинин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү комиссиясынын заседаниесинин 2016-жылды 16-июнундагы № 3 протоколун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамынын 7-13-статьясына таянып, Найман айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айылдык Кенешинин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү комиссиясынын 2016 –жылдын 16-июнундагы № 3 протоколунун чечими бекитилсин.
2. Протоколдо каралган Он-Эки –Бел айыл өкмөтүнүн тургуну
Абдрахманов Муктар Абжалиевичке Найман айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги бош жаткан 8,0 га жер аянтын тазалап кайрадан калыбына келтирип,өздөштүрүү үчүн 7 жылдык мөөнөткөижарага берилсин.
3. Ижарага берилген 8,0 га жер аянтын сарамжалдуу,өз багытында пайдалануу жана келишимде көрсөтүлгөн ижара акыларын өз убагында төлөп туруу жагы бузбай пайдаланууга жана жерге тиешелүү салыктарын өз убагында төлөп туруу жагы Абдрахманов Муктар Абжалиевичке милдеттендирилсин.
4. Абдрахманов Муктар Абжалиевичке бак кылуу үчүн өздөштүрүүгөижарага берилген 8,0 га жер аянтына болгон укугун каттап берүү жагы Ноокат районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөжагы Найман айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча адиси К.Байбалаевге тапшырылсын.
Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Шамаева | |
|
|