Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-июну № XXX – 3
Найман айыл өкмөтүнүн Жаштык көчөсүндөгү С.Зулпукаарованын менчигиндеги 2,5га жеринин ичинен 0,5 га жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн Жаштык көчөсүндөгү С.Зулпукаарованын менчигиндеги 2,5 га жеринин ичинен 0,5 га жер аянтына кароосуз калган жетим жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүн куруу үчүн Ноокат районунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2016-жылдын 8-июнундагы №90/16 корутундусунун негизинде Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл өкмөтүнүн Жаштык көчөсүндөгү С.Зулпукаарованын менчигиндеги 2,5 га жеринин ичинен 0,5 га жер аянтынын багытын өзгөртүп кароосуз калган жетим жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүн куруу үчүн берилсин.
2. Карылар жана кароосуз калган балдар үйүн куруу үчүн багытын өзгөртүүгө берилген жер аянтын максаттуу пайдалануу жана салыктын бардык түрлөрүн убагында айыл өкмөтүнө төлөп туруу жагы С.Зулпукааровага милдеттендирилсин.
3. Багытын өзгөртүү үчүн берилген жер аянтына керектүү документтерин даярдап берүү жагы Ноокат районунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы жана Ноокат районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо боюнча башкармалыгынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш.Эрматов |