Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-июлу № XXXI – 1
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүүбашкаруу органдарына берүү жөнүндө келишимди бекитип берүү тууралуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмү тарабынан Найман айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин мазмуну менен таанышып жана талкуулап Найман айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык кеӊешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш.Эрматов |
Найман айылдык кеёешинин 2016-ж. «__»___________№____ токтому менен бекитилди
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө
КЕЛИШИМ
2016-ж. «___»__________
1. Келишимдин тараптары
Кыргыз Республикасынын Укуктук статистика комитетинин Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн атынан, мындан ары “мамлекеттик статистика органы” деп аталуучу Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жөнүндө Жобонун негизинде иштеген жетекчи Дуванаев Б.К биринчи тараптан жана Найман айыл өкмөтүнүн атынан, мындан ары “ өз алдынча башкаруунун аталуу органы” деп аталуучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Жобонун негизинде иштеген башчы Шамаева Р.А экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын Конститутциясын. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүдө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр туралуу ушул келишимди түзүштү.
2. Келишимдин шарттары
2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715 токтомуна ылайык Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмү Найман айыл өкмөтүндө статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет:
1) үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө;
2) жазгы талаа иштерин жүргүзүү жана тондурма айдоо тууралуу;
3) түшмдү жыйноо, күздүк себүү жана тондурма айдоо туралуу;
4) айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү дүё жыйноо жөнүндө;
5) айыо чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноо жөнүндө;
6) дыйкан (ферме) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө;
7) тоюттарды өндүрүү жөнүндө;
8) дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан айыл чарба продукцияларын сатуунун көлөмү жана баалары туралуу;
9) айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө кеткен чыгымдар жөнүдө;
“Берилген ыйгарым укуктар боюнча маалымат берүүнүн мезгилдүүлүгү жана мамлекеттик статистика отчеттуулугунун формаларына ылайык каралып, 2-тиркемеде көрсөтүлгөн”.
“2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү Статистикалык иштердин программасына, Статистикалык иштердин графигине, Статистикалык отчеттуулуктун формаларынын табелине ылайык түзүлөт.
2.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Найман айыл өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну кабыл алат.
2.3Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн финансылык каражаттар (трансферттер) 1- тиркеме ылайык Кыргыз Республикасынын Финасы министирлиги тарабынан борборлоштурулган түрдө республикалык бюджеттен бөлүнүт.
3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик статистика органынын укуктары жана милдеттери.
3.1. Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмү өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укукту аткарып жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетектөөчү адис-статигин дайындоого жана бошотууга макулдашуунун жол жоболорунун жүрүшүн талап кылууга;
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан ишке ашылышын, ошондой эле ушул максатка бөлүнүп берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттардын пайдаланылышын контролдоого;
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча аткарууга милдеттүү болгон актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга;
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө;
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкарууунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга байланышкан маалыматтарды, материалдарды жана документтерди сурап алууга;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министирлиг тарабынан бекитилген 2-формага ылайык материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануунун натыйжалары жөнүндө маалымат берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынанан отчеттордун формаларын сурап алууга;
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген, бирок максаттуу эмес пайдаланылган каражаттарды белгиленген иретте өндүп алууга;
- №2 тиркемеде берилген статистикалык инчтрументарийдин жана графиктин тизмегине ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген статистикалык маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана өз убагында болгондугун контролдоого;
- КРдин Улутстаткому тарабынан бекитилген усулдарга ылайык статистикалык иргеме текшермелерге тиешелүү болгон чарба жүргүзүүчү субөектердин тизмегин аныктоого;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы берген статистикалык маалыматтардын (себилген аянттар, дүн жыйым жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн ж.б жөнүнүдө) ишенимдүүлүгүн текшерүүнү уюштурууга;
- алгачкы статистикалык эсептин абалын жана толуктугун текшерүүгө;
- статистикалык маалыматтарды берүүдө мөөнөтү үзгүлтүккө учураса, алар ишенимдүү эмес болсо, статистикалык байкоонун субөектери толук эмес камтылса, статистикалык маалыматтар берилбесе,өзүнүн милдеттерин аткарбаса ж.б.у.с учурларда “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүнүдө кодексине”, ушул Келишимге ылайык чараларды көрүүгө;
- “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди мөөнөтүнө чейин бузууну демилге кылууга;
3.1. Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмү өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берүүдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
- статистикалык маалыматтарды киргизүү үчүн электрондук программалар менен камсыз кылууга, программалык камсыздоо иштерине жөндөмөн жогорулатуу боюнча окууларды өткөрүүгө;
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн арналган статистикалык инчтрументарийди, материалдык, финансылык жана башка каражаттарды зарылдыкка жараша өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө;
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон методикалык, уюштуруучулук, консультативдик, башка жардам көрсөтүүгө, укуктук, техникалык жана башка документтер менен жеогиликтүү өз алдынча башкаруу органын камсыздоого;
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилгенг мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөн жетектөөчү адис-статистин квалификациясын жогорулатуу үчүн жылына эки жолудан кем эмес окуу өткөрүүгө;
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилгенг мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарылышын жана бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланышын контролдоого.
4. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын укуктары жана милдеттери
4.1 Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда Найман айыл өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашырууи үчүн каралган статистикалык инструментарийди,материалдык,финансылык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууга.
- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик статистика органынан берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн методикалык жана башка документтерджи алууга;
- райондук мамлекеттик статистка бөлүмүнүн көрсөтмөлөрүнө ылайык статистикалык маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө текшерүүлөрдү жүргүзүүгө катышууга;
- ушул келишим жана “ЖӨАБ органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди ”мөөнөтүнө чейин бузууну демилге кылууга.
4.2 Статистикалык маалысматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда Найман айыл өкмөтү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды бул келишимге, КРнын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Статистикалык иштердин программасына,Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан бекитилген статистикалык отчеттун формаларынын табелине жана башка КРнын ченемдик укуктук ылайык ишке ашырууга;
- райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн макулдашуусу боюнча статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйнгарым укуктарды аткаруу үчүн жетектөөчү адис статисттикти кабыл алууга жана дайындоого;
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик статистика органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана материалдык ,финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча тоскоолдуксуз текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн шарттарды камсыздоого;
- квалификацияны жогорулатуу үчүн уюштурулган окууга жетектөөчү адис –статист катышуусун камсыздоого;
- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруудакетирилген тартип бузууларды четтетуу боюнча мамстатитика органынын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсүн аткарууга;
-квартал сайын КР Финансы министрлиги тарабынан бекитилген 24.11.2008-жылдагы №192 буйругунун 2-формасына ылайык Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчет берүүгө;
- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мөөнөтүнө чейин толукталган учурда,берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн ага бөлүнгөн,пайдаланылбаган финансылык,материалдык каржаттарды кайтарып берүүгө.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистиги
5.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистиги райондук бөлүмдөрдүн мамстаттын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү КРнын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган муниципалдык кызматкер болуп эсептелет.
5.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистиги өз ишинде КРнын Конституциясын,КРнын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктарын актыларын жетекчиликке алат.
5.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статисти статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча ушул Келишимдин 2-тиркемесине ылайык иш алып барат.
2-тиркемеде төмөнкүлөр каралган:
Мал чарбачылыгынын жана өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн продукциясынын өндүрүшүн тандап алып текшерүүгө;
Статистикалык иштердин программасында көсөтүлгөн көлөмдө жана мөөнөттөрдө статистикалык отчеттуулукту түзүү үсүн эсептерди жүргүзүүгө.
5.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статисти берилген статистикалык отчеттуулуктун ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат(2-тиркеме).
5.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статисти статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышына тийиштүү ар кандай статистикалык текшерүүлөргө катышат.
5.6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статисти төмөнкүлөргө милдеттүү:
- “Айыл чарбасынын статистикалык отчеттулугу ” программалык камсыздоо маалымдамасында каралган чарба жүргүзүүчү субьекттердин каталогуна ылайык,белгиленген мөөнөтүнө ылайык өз убагында жана сапаттуу статистикалык маалыматтарды жыйноону , тандап алып текшерүүлөрдү камсыздоого;
- №2 тиркемеде көрсөтүлгөн формалар боюнча программалык камсыздоого статистикалык маалыматтарды киргизүүнү ишке ашырууга;
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жүктөлгөн милдеттерге ылайык талаптарды аткарбагандыгы үчүн жеке жоопкерчиликти тартууга;
- кагаз жана электрондук калыбындагы чарба китеби боюнча маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүү иштерине катышууга,алынган натыйжаларды учурдагы статистика менен салыштырууга.
6. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органын финансылык материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо
6.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда зарыл болгон финансылык камсыздоо республикалык бюджеттен КР Финансы министрлигинин жергиликтүү бюджетине берилүүчү максаттуу трансферттер формасында жүргүзүлөт.
6.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн тиешелүү финансылык жылга максатуу трансферттердин жалпы көлөмүн эсептөө КРнын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдын №715 токтому менен максатуу трансферттердин жалпы көлөмүн эсептөө методикасын негизинде жүргүзүлөт.
Ушул келишимдин 9.2- пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө карата аныкталган максаттуу трансферттердин суммасы КРнын Өкмөтү тарабынан бекитилген максатуу трансферттердин жалпы көлөмүн эсептөө методикасына ылайык келишимге тиркелет жана ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет(1-тиркеме).
6.3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органыны тарабынан жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен бөлүнүүчү максаттуу трансферттедин (субвенциялардын) жалпы көлөмү ЖӨАБ нун алыш-бериш эсебине түшөт жана кезектеги финансылык жылга жергиликтүү бюджеттен кирешелер жана чыгашалар түзүмүндө чагылдырылууга тийиш.
6.4. Максаттуу трасферттердин жалпы көлөмү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- ЖӨАБнун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистигине бир бирдик эмгек акы төлөөнү ;
- берилүүчү ыйгарым укуктарды аткарууга чыгымдарды: унаа чыгымдары,байланыш кызматтары;
- иш сапар чыгымдары;
- коммуналыдк чыгымдарды зарылдыкка жараша.
-концелярдык жана чарбалык товарларга чыгымдарды.
6.5. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүнзарыл болгон материалдык каражаттар зарылдыкка жараша мамлекеттик статистика тарабынан ЖӨАБнун аткаруу органына кабыл алуу өткөрүп берүү актынын негизинде өткөрүлүп берилет.
6.6. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн чарбалык ишмердикти жүргүзүү үчүн зарылдыкка жараша бөлүнгөн материалдык каражаттар макулдашуу комиссиясында каралгандан жана алардын колдонууга жарактуулугу аныкталгандан кийин өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
6.7. ЖӨАБнун аткаруу органына өткөрүлүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеги тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
6.8. ЖӨАБнун аткаруу органына Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык каражаттарды пайдалануунун тартиби мамлекеттик статистика органы тарабынан аныкталат.
7. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын отчеттуулугунун формасы жана мезгилдүүлүгү
7.1. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мамлекеттик статистиканын аймактык органына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт:
- мамлекеттик статистикалык отчеттуулукту 2-тиркемеде көрсөтүлгөн КРӨ тарабынан жыл сайын берилүүчү Статистикалык иштердин программасына, Статистикалык иштердин графигине ,статистикалык отчеттуулуктун формаларынын табелине ылайык;
- квартал сайын 10 нан кечиктирбестен КР Финансы министрлиги тарабынан 24.11.2008-жылда бекитилген №192 буйругунун 2-формасына ылайык Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчетту.
8. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышынын мамлекеттик орган тарабынан контролдоонун татиби
8.1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө келишимдин жана КРнын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында жүргүзүлөт.
8.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарылышын көзөмөлдөөнү мамлекеттик статистика органдары жүргүзөт.
8.3. Мамлекеттик статистика органы:
- аныкталган тартип бузууларды четтетүү тууралуу көрсөтмөлөрдү жөнөтүү укугу менен ЖӨАБнун аткаруу органы тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук кандуу жана сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөйт;
- ЖӨАБнун аткаруу органы тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланышын текшерет;
- ЖӨАБнун аткаруу органы тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар чөйрөсүнө таандык болгон маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын,ошондой эле методикалык көрсөтмөлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөйт;
- келишим менен каралган учурларда жогору турган органга ЖӨАБнун аткаруу органы тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул келишимди бузуу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана киргизет.
8.4. ЖӨАБнун аткаруу органы тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү тиешелүү мамлекеттик статистика органы төмөнкүдөй түрдө жүргүзөт:
- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ЖӨАБнун аткаруу органдары тарабынан ишке ашыруу бөлүгүндө алардын ишин координациялоо;
- бул келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун натыйжалары жөнүндө отчетторду кабыл алуу;
- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин текшерүү;
- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкарунун аткаруу органдарына сунуштамаларды берүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди мыйзамдуулук жана максатка ылайыктуулук көз карашы менен баалоо.
9. Келишимдин күчүнө киришинин жана колдонуу мөөнөтүнүн тартиби
9.1. Келишим ЖӨАБнун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана бекитүү тууралуу токтому кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
9.2. Ушул келишим 2016-жылдын 31-декабырна чейин колдонулат.
Эгерде ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин тараптардын бири дагы өзүнүн келишимди бузуу ниети жөнүндө билдирбесе,анда анын колдонуу мөөнөтү автоматтык түрдө кийинки бир жылга жана ошол эле шарттарда узартылат.
9.3. Бул келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлдү.
9.4. Бул келишимдин бардык тиркемелери анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелишерин белгилөө.
10. Келишимдин шарттарын өзгөртүү
10.1. Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын макулдашуусу менен киргизилет.
10.2. Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана бекитүү тууралуу кабыл алынган токтому кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуунун негиздери жана тартиби
11.1. ЖӨАБнун аткаруу органы тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу төмөнкү учурда токтотулушу мүмкүн:
- келишимдин мөөнөтүаяктаганда;
- келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- ЖӨАБнун аткаруу органы тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн кезектеги финансылык жылга республикалык бюджетке максаттуу трансферттердин жок болгондо;
- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган ченемдик укуктук акт кабыл алынганда:
- үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө;
- жазгы сугат иштерин жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө;
- түшүмдү жыйноо , күздүк себүү жана тондурманы айдоо тууралуу;
- айыл чарба өсүмдүктөрүн үн түшүмүн жыйноо жөнүндө;
- дыйкан чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө;
- тоюттарды өндүрүү жөнүндө;
- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик статситика органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынган (келишимди мөөнөтүнө чейин күчүн бузуу);
- Келишим жана-же “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” КР Мыйзамында белгиленген тартипте жана шарттарда ЖӨАБнун аткаруу органы тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруудан баш тарткан (келишимди мөөнөтүнө чейин бузуу).
11.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берлиген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мамлекеттик статистика органынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын демилгеси боюнча мөөнөтүнө чейин токтотулушу мүмкүн.
11.3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкарунун аткаруу органы тарабынан мөөнөтүнө чейин токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- мамлекеттик статистика тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык жана башка каражаттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын камсыздоонун мүмкүн эместиги;
- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкарунун аткаруу органынан көз каранды болбогон себептер боюнча мүмкүн эместиги;
- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана –же ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы.
11.4. - Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мамлекеттик статистика органы тарабынан мөөнөтүнө чейин токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкарунун аткаруу органы тарабынан андан ары ишке ашыруу максатка ылайыксыз деп мамлекеттик статистика органы тарабынан табуу,анын ичинде аларды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес ишке ашыргандыгы үчүн;
- жергиликтүү өз алдынча башкарунун аткаруу органы тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык финансылык жана башка каражаттарды максаттуу эмес пайдалануу эгер,эгер ал бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну татаалдаштырган шарттарды түзсө;
- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана (же) ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы.
11.5. Тараптардын биринин демилгеси боюнча Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар имөөнөтүнө чейин токтотулган учурда токтотууну демилгелеген тарап Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууну болжолдогон датасына чейин 15 жумушчу күн мурда башка тарапка жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.
11.6. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган тарап аны 15 жумушчу күндүн аралыгында карап чыгууга жана башка тарапка кароонун жыйынтыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү. Башка тарап билдирүү менен макул болгон учурда Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптардын макулдашуу сунун негизинде токтойт.
11.7. 30 жумушчу күндүн аралыгында билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп жок болгон же башка тарап Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу менен макул болбогон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө маселе сот тартибинде чечилет.
11.8. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар аткаруу мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда аларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын бөлүнгөн, пайдаланылбаган материалдык жана финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар токтотулган күндөн тартып 15 жумушчу күндүн аралыгында мамлекеттик органга кайтарылууга тийиш.
11.9. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын каржылоо ушул келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттө токтотулган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга укуктуу,бул жөнүндө жазуу түрүндө 15 жумушчу күндүн аралыгында тиешелүү мамлекеттик статистика органына билдирет.
11.10. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтоткон күндөн тартып,мамлекеттик ыйгарым укуктар,жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына аларды берген мамлекеттик статистиканын аймактык органы тарабынан аткарылууга тийиш.
11.11. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу,токтотуп туруу жана баш тартуу тууралуу чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын токтому менен бекитилет жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
12. Тараптардын жоопкерчилиги
12.1. Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандык, укуктарын басмырлоо же материалдык жана моралдык зыян келтирүү үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
12.12. Айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды н тийиштүү түрдө аткарылышын уюштуруу,статистикалык маалыматтардын ишенимдүүлүгү,өз убагында болгондугу жана сапаты,бөлүнгөн материалдык,финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдалануу жана ушул келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
13. Талаштарды чечүү тартиби
13.1. Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаштар жана келишпестиктер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу же болбосо сот тартибинде чечилет.
14. Тараптардын даректери жана кол тамгалары
Ноокат шаары Найман айыл өкмөтү
Ленин көчөсү Найман айылы
Дуванаев Б.К. Шамаева Р.А.