Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1 ноябры № XXXIII– 1
Найман айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигинде белгиленген кызмат орундарын алмаштыруу жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигиндеги муниципалдык кызмат орундарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 5-август 2011-жылдагы №451 токтомунун негизинде өзгөртүү киргизүү боюнча Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Найман айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтомдун негизиндеги штаттык бирдигине Найман айыл өкмөтүнүн зарылчылыгына жараша өзгөртүүлөр киргизилсин.
Найман айыл өкмөтүндөгү 9 штаттык бирдигиндеги кызмат орундарынын Кирешелер боюнча башкы адиси,кирешелер боюнча жетектөөчү адис,ал эми социалдык коргоо боюнча жетектөөчү адис кызмат орду социалдык коргоо боюнча башкы адис кызмат орду болуп өзгөртүлсүн.
Бул токтомду ишке ашырууну көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Найман айылдык кеӊешинин Экономика, бюджет, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ш.Эрматов |