Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-ноябры № XXXIV – 2
Найман айыл өкмөтүнүн жана айыл тургуну А.Жусуповдун ортосунда түзүлгөн эски мончону ижарага берүү жөнүндөгү келишимди жокко чыгаруу жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн жана айыл тургуну А.Жусуповдун ортосунда түзүлгөн эски мончонун имаратын ижарага берүү жөнүндөгү 2012-жылы түзүлгөн №2 келишимди карап чыгып,талкуулап Найман айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл өкмөтүнүн жана айыл тургуну А.Жусуповдун ортосунда түзүлгөн 2012-жылдын 15-январында эски мончонун имаратын ижарага берүү жөнүндөгү № 2 келишим, экинчи тарап А.Жусуповдун иштетүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан бекер кылып берүүнү сураган арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин негизинде келишим бекер кылынсын.
2. Бул токтомдун негизинде мыйзам чегинде иш алып барып,эски мончонун имаратын мындан ары максаттуу пайдалануу Найман айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча адиси К.Байбалаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык Кеёешинин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Б.Топчубаевага тапшырылсын.
Төрага | Ш.Эрматов |
ИМАРАТТЫ ИЖАРАГА АЛУУ КЕЛИШИМИ
№1
Найман айылы «__»__________2012-ж.
Ноокат районуна караштуу Найман айылдык округунун атынан анын жетекчиси, Пазылов Ашим биринчи тараптан, Алашан айылынын тургуну , Ноокат ИИБ тарабынан ___________-ж. берилген ______________ паспорт ээси Жусупов Арзыбай экинчи тараптан өз ара төмөнкү мазмунда келишим түзүштү:
1.КЕЛИШИМ МАКСАТЫ
1.1. Найман айылдык округу ,-мындан ары биринчи тарап, Айыл округуну карамагындагы эски мончонун имаратын ушул келишимге негиз, мындан ары экинчи тарап болуп саналган Алашан айылынын тургуну А.Жусуповго ижарага берет.
2.ТАРАПТАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ:
2.1. Биринчи тарап өз карамагындагы айнек, эшиги жок эски мончонун имаратын, экинчи тарап болуп саналган А.Жусуповго 20 (жыйырма) жылдык мөөнөткө ижарага берет.
2.2. Экинчи тарап Найман айылындагы айнек. Эшиксиз эски мончонун имаратын 20 (жыйырма) жылдык мөөнөткө ижарага алат.
2.3. Экинчи тарап ижарага алган имараттын ремонт иштерин, айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү, актоо, айнек, эшиктерди сатып келип орнотуу, электр линиясын тартып келип имаратты монтаждоо, имараттын ичинде иштөөгө ылайык шарт жаратуу жана башка зарыл болгон иштерди толугу менен өз эсебинен жүргүзөт
2.4. Экинчи тарап ижарага алган имаратты өз менчигиндей карап, өрт коопсуздугунун алдын алууга карата иш-чараларды аткарууга, айлана-чөйрөнү таза кармоого, санитардык абалды эрежелерге негиз сактоого милдеттүү.
3. ЭСЕПТЕШүү ШАРТТАРЫ
3.1. Экинчи тарап ижарага алган имарат үчүн ай сайын 1000 (бир мин) сом өлчөмүндө акча каражатын биринчи тараптын кассасына төгүп турат.
3.2. Ижара акысын төлөө биринчи тарап менен ооз эки макулдашуу аркылуу, натуралай төлөнүшү мүмкүн.
3.3. Экинчи тарап имаратты ижарага алып пайдаланган күндөн баштап, имаратка болгон түрдүү төлөмдөрдү, жыйымдарды, электр энергиясынан, суудан пайдалангандык үчүн төлөмдөрдү өз эсебинен төлөйт.
3.4. Имаратты пайдаланууга жарактуу абалга келтирүүгө кеткен чыгымдар, айнек, эшик, электр энергиясын пайдалануу үчүн тартылган линия жана монтаждоого, имараттын чатырын ремонттоого кеткен чыгымдар, аткарылган жумуштун көлөмү көрсөтүлгөн актыга, курулуш материалдары болсо алынгандыгын тастыктаган документтерге негиз ижарага төлөнүүчү ижара акысынын эсебинен кыскартылат.
4.ӨЗГӨЧӨ ШАРТТАР
4.1. Келишимде каралган шарттар сөзсүз аткарылууга тийиш, аткарбаган тарап Кыргыз Республикасынын аракеттеги Мыйзамдарына негиз жоопкерчилик тартат.
4.1. Келишим тараптар кол койгон күндөн күчүнө кирет. Келишим үч нускада кыргыз тилинде түзүлдү. Бардык нускасы бирдей юридикалык күчкө ээ.
4. ТАРАПТАРДЫН ДАРЕКТЕРИ
Ноокат району Найман Айылдык округу Найман округунун айыл округ жетекчиси ____________А.Пазылов
4.2.Ноокат району, Көкжар айыл округунун Алашан айылынын тургуну __________ А.Жусупов
. паспорт Ноокат ИИБ тарабынан
__________-ж берилген
____________
,