Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-ноябры № XXXIV – 3
Найман айыл өкмөтүнүн жана айыл тургуну Р.Осмонов ортосунда түзүлгөн айыл ичиндеги паркты ижарага берүү жөнүндөгү келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн жана айыл тургуну Р.Осмоновдун ортосунда түзүлгөн айыл ичиндеги паркты ижарага берүү жөнүндөгү 2013-жылы түзүлгөн №1 келишимди карап чыгып,талкуулап Найман айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл өкмөтүнүн жана айыл тургуну Р.Осмоновдун ортосунда түзүлгөн 2013-жылдын 5-январында айыл ичиндеги паркты ижарага берүү жөнүндөгү № 1 келишимге Кыргыз Республикасынын жер кодексинин негизинде өзгөртүү киргизилсин.
2. Бул токтомдун негизинде мыйзам чегинде иш алып барып,келишимди өзгөртүп түзүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча адиси К.Байбалаевге милдеттендирилсин.
3. Келишимге кошумча төмөндөгүдөй шарттар киргизилсин:
- Эгерде паркты экинчи тарап иштетип жаткан мезгилде,башка бир жеке ишкер менен кошумча пайда келтирүүчү аянтчалар кошулса ижара акысы айыл өкмөттүн бюджетине төгүлсүн.
- Парктын ичине мал-жандыктарын киргизүүгөтыюу салынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөжагы Найман айылдык Кеӊешинин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Б.Топчубаевага тапшырылсын.
Төрага | Ш.Эрматов |
Келишим
Найман айылы «___»__________2013 -ж
Найман айыл өкмөтүнө караштуу эс алуучу бак боюнча
1. Эки тарап макулдашып, келишим түзүп, кол коюучулар:
Биринчи тарап айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаева
Экинчи тарап Найман айылынын тургуну Р.Осмонов
2. Келищимдин мазмуну
Каралбай калып кеткен бакты өздөштүрүү максатында 2010-жылдын 22-сентябрынан, 2020-жылга чейин өздөштүрүүгөРозумахамат Осмоновго ижарага акысыз берилген. Келишимдин негизинде Розумахамат Осмонов каралбай калган бакты карап, жаны бак дарактарды эгип, 3 жыл келишимдин мөөнөтү бүткөнүнөбайланыштуу, кайра келишим түзүү жагы каралат.
Биринчи тарап: Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Розакан Шамаева бакты дагы жакшылап өздөштүрүүгө2013-жылдын 5-январынан 2023-жылга чейин ижарага берет.
Экинчи тарап: Найман айылынын тургуну Розумахамат Осмонов бактын жериндеги бактарды суу коюуп карап, керектүү минералдык жер семирткичтерди берип кароого, бактагы куурап калган бутактарды бутону өз милдетине алат, алган бака ар жыл сайын 25-декабрда 1000 сомдон акча каражат төлөп туруу жагы да милдеттендирилет.
3. Ушул келишимдеги милдеттерди аткарбаса эки тарап мыйзам алдында жоопко тартылат.
4. Тараптардын даректери
Биринчи тарап: Экинчи тарап:
Найман айыл өкмөтүнүн Найман айылтургуну:
башчысы: Р.Шамаева Р.Осмонов
паспорт серия № AN0715256
иим 50-40 от 14. 07. 2007-ж.