Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-ноябры № XXXIV – 4
. Найман айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо боюнча даярдалган материалдарды бекитүү жөнүндөгү2016-жылдын 24-ноябрындагы № 39 токтомун бекитүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо боюнча даярдалган материалдарды бекитүү жөнүндөгү 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 39 токтомун карап чыгып,талкуулап Найман айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо боюнча даярдалган материалдарды бекитүү жөнүндөгү 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 39 токтому бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтомдун негизинде мыйзам чегинде иш алып баруу Найман айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча адиси К.Байбалаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык Кеӊешинин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Б.Топчубаевага тапшырылсын.
Төрага | Ш.Эрматов |
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-ноябры № 39
Найман айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо боюнча даярдалган материалдарды бекитүү жөнүндө
Ноокат районуна караштуу Найман айыл өкмөтүнүн жалпы жер фондусун инвентаризациялоо боюнча «Кыргызмамжердолбоор» институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдаган материалдарын жана айыл өкмөтүнүн жерлерине инвентаризация жүргүзүү боюнча комиссиясынын актысын карап чыгып,аны бекитүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМЫН
1. Ноокат районуна караштуу Найман айыл өкмөтүнүн жалпы жер фондусун инвентаризациялоо боюнча мамлекеттик ишканасы даярдаган материалдардын жыйынтыгы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомду Найман айылдык Кеӊешине сунуштап,бекиттирүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча адиси К.Байбалаевге милдеттендирилсин. .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Найман айыл өкмөтүнүн башчысы: Р.Шамаева