Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-ноябры № XXXIV – 5
Найман айыл өкмөтүнүн Улуу Тоо айылында жайгашкан «Улуу Тоо» толук эмес орто мектебинин имаратын үлүштүк дем берүүчү гранттардын жардамында капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым ажыратуу жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын жана мектеп директорунун билдирүүсүн угуп, талкуулап Найман айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл өкмөтүнүн Улуу Тоо айылында жайгашкан «Улуу Тоо» толук эмес орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттан бөлүнгөн акча каражатына ремонт жасоо иштери алып барылсын.
2. Мектептин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча мамлекеттик үлүштүк гранттан бөлүнгөн акча каражатына өздүк салым катары айыл өкмөттүн бюджетинен 530,0 (беш жү з отуз миё) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык Кеӊешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ш.Сапаровага тапшырылсын.
Төрага | Ш.Эрматов |