Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 26
Сары-Таш таш кенинен казылып алыган таштардын эсебине маниторинг жүргүзүү жана кен казып иштеген жериликтүү тургундардын эмгек мыйзамынын сакталышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жериликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө “ Мыйзамынын негизинде жана “Сары-Таш” таш кенинен казылып алыган таштардын эсебине маниторинг жүргүзүү жана кен казып иштеген жериликтүү тургундардын эмгек мыйзамынын сакталышы боюнча финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын алдын ала каралган чечимине ылайык Жалпак-Таш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сары-Таш таш кенинен казылып алыган таштардын эсебине маниторинг жүргүзүү үчүн Үч-Капчал айылындагы постко видео көзөмөл уюштурулсун жана аны уюштуруу үчүн жергиликтүү бюдетен сметага ылайык акча каражаты каралсын.
2. 2017-жылдын 1-октябрына чейин аталган постко видео көзөмөлдү уюштуруу,сатып алуу жана аны ишке киргизүү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Сары-Таш таш кенинен казылып алыган таштардын өндүрүмдүүлүгүн жана кен казып иштеген жериликтүү тургундардын эмгек мыйзамынын сакталышын көзөмөлдөө үчүн жергиликтүү кенештин депутаттарынын ичинен төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:
-Султанов Эрсынар-комиссиянын төрагасы:
-Бекташов Алишер-мүчөсү:
-Акжол уулу Сүйүмбек-мүчөсү:
-Жолдошов Асылбек-мүчөсү:
-Наркулов Камалдин-мүчөсү:
-Аккулов Абдыкапар-мүчөсү:
-Суранов Марат-мүчөсү.
4. Жогорудагы түзүлгөн комиссияга айына бир жолу жерине барып көзөмөл иштерин
жүргүзүү жагы тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Х. Каныбаев |
|
|