Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 27
Курбу-Таш айылындагы жер көчкүсүнүн кесепетинен социалдык мекемелерден бузулуп чыгарлыган курулуш материалдарын максаттуу пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жериликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31- бернесине жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2-19-беренесине ылайык Курбу-Таш айылындагы жер көчкүсүнүн кесепетинен социалдык мекемелерден бузулуп чыгарылган курулуш материалдарын максаттуу пайдалануу боюнча финансы, экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын алдын ала карап чыккан чечимине ылайык Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Курбу-Таш айылындагы жер көчкүсүнүн кесепетинен социалдык мекемелерден бузулуп чыгарылган курулуш материалдары айыл аймагындагы мекемелердин (көмүр кана,кароол кана,айбанча, ж.б.курууга) муктаждыктарына ылайык бөлүнүп берилсин.
2. К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин ашкана жана китепкансынын жана ”Курбу-Таш” балдар бакчасынын имараттары кайрадан чарбалык жол менен калыбына келтирилсин жана калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү бюдеттен акча каражаты каралсын.
3. Курбу-Таш айылындагы жер көчкүсүнүн кесепетинен социалдык мекемелерден бузулуп чыгарлыган курулуш материалдары айыл аймагындагы мекемелердин муктаждыктарына ылайык бөлүп берүү жана К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин ашкана жана китепкансынын,балдар бакчасынын имартын кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттериди көрүү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер,билим берүү, маданият,саламаттыкты сактоо,жаштар,спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Х. Каныбаев |