Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 28
К.Калмурзаев атындагы орто мектебиндеги курулушу бүтө элек спорттук залдын имаратын муниципалык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2-19-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын “Жериликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамынынын 31-беренесинин негизинде К.Калмурзаев атындагы орто мектебиндеги курулушу бүтө элек спорттук зал көчкү кесепетинен улам курулуш иштери токтоп калгандыгына байланыштуу аны кароосуз калтырбоо максатында имаратты муниципалык менчикке кабыл алуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. К.Калмурзаев атындагы орто мектебиндеги курулушу бутө элек спорттук залдын имараты муниципалык менчикке кабыл алынсын.
2. Спорттук залдын имаратын мыйзам чегинде муниципалдык менчикке кабыл алуу жана муниципалык менчиктин реестрине киргизүү жагы Жалпак-Таш айылы өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Суранбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык масалелер,билим берүү , маданият , саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Х. Каныбаев |