Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 29
Түз-Бел маданият үйүнүн,Киров айылындагы балдар бакчасынын жана Үч-Капчал айылындагы ФАПтын курулуш иштерин жандандыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жериликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамына ылайык курулуш иштери токтоп тураган Түз-Бел маданият үйүнүн,Киров айылындагы балдар бакчасынын жана Үч-Капчал айылындагы ФАПтын курулуш иштерин жандандыруу бюнча айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп,талкуулап Жалпак-Таш кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалпак-Таш айыл аймагында курулуш иштери токтоп турган Түз-Бел маданият үйүнүн,Киров айылындагы балдар бакчасынын жана Үч-Капчал айылындагы ФАПтын куруштары жандандырылып,бүткөрүлсүн.
2. 2017-жылдын 1-октябрына чейин Түз-Бел маданият үйүнүн,Киров айылындагы балдар бакчасынын жана Үч-Капчал айылындагы ФАПтын курулуш иштерин жүргүзүү жагы курулуш куруп жаткан ишканаларга милдеттендирилсин.
3. Аталган мөөнөттө аталган объектилердин курулушу башталбай же толук аткарылбаса курулуш куруп жаткан ишканалар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилсин.
4. Курулуш иштерин жүргүзүүнү жеке көзөмөлгө алуу ,келишимге ылайык иш-аракетерин жүргүзбөгөн ишканаларды тиешелүү органдарга өткөрүп берүү жана 9 айыдын жыйынтыгы менен аткарылган иштер боюнча маалыматты берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Эралиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер,билим берүү, маданият,саламаттыкты сактоо,жаштар,спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Х. Каныбаев |