Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 32
Жер көчкүсүнүн алдында калган жерлерди жердин башка категориясына которуу үчүн тиешелүү мамлекеттик мекемелерге сунуш берүү жөнүндө
Жалпак-Таш айыл аймагында болгон жер көчкүсүнүн кесепетинен улам көчкү астында калган жерлерди жердин башка катергориясына өткөрүү боюнча жер адис У.Матиевдин билдирүүсүн угуп,талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жер көчкүсүнүн алдында калган төмөндөгү жерлер пайдаланууга жараксыз экендиги белгиленсин жана жердин башка катергориясына которуу жагы сунушталсын:
-айдоо-88,59 га;
-чөп чабынды-126,51 га;
-жайыт-591,95 га;
-калктуу конуш-170,8 га;
-жол,көпүрөлөр-6,85 га;
-жарлар-27,48 га;
-токой-0,52га;
-курулуштар-3,63
-бак-1,74 га;
-ынгайсыз жерлер-5,92 га
Жалпысы:1023,99 га.
2. Жер көчкүсүнүн алдында калган жерлерди жердин башка категориясына которуу жагы тиешелүү мамлекеттик мекемелерден суралсын.
3. Жер көчкүсүнүн алдында калган жерлерди жердин башка категориясына которуу үчүн иш-аракеттериди көрүү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылысын.
4.Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча туруктуу комииссиясына” жуктөлсүн.
Төрага | Х. Каныбаев |