Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 33
Исмаилов Шамшинин үй-бүлөсүнө таандык үлүштүк жерине келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Граждандык Кодексинин” 14–бернесин эске алып
Курбу-Таш айылынын тургуну Исмаилов Шамшиге тааныдык үлүштүк жеринин кыртышы
2017-жылдын апрель-май айларында болгон жер көчкүсүнөн жабыр тарткан үй-бүлөлөрдү жайгаштыруудан улам бузулуп,эрозияга учурагандыгына байланыштуу, жерин кайра калыбына келтирүү үчүн келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү боюнча айылдык кенештин депутаттарынын сунушунун негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Курбу-Таш айылынын тургуну Исмаилов Шамшинин үлүштүк жеринин кыртышы
жер көчкүсүнөн жабыр тарткан үй-бүлөлөрдү жайгаштыруудан улам бузулуп,эрозияга учурагандыгына байланыштуу эки тараптуу түзүлгөн келишимдин негизинде келтирилген зыяндын орду толтурулуп берилсин.
2.Исмаилов Шамшинин үлүштүк жерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу
жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
3.Келтирилген зыянды эсептеп чыгуу жана ага акча кражатын төлөп берүү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш,
транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча туруктуу комииссиясына” жуктөлсүн.
Төрага | Х. Каныбаев |