Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 34
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн кызматтык авто унаасын пайдалануудан чыгаруу жана жаңы авто унаа сатып алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалык кызмат жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамындарынын негизинде Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн кызматтык авто унаасы 2003-жылдан бери тоолуу аймакта жүрүп, пайдаланууга болбой калгандыктан жарактан чыгарып,жаңы кызматтык авто унаа сатып алуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы К.Эралиевдин билдирүүсүн угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2002-жылы чыгарылган НИВА үлгүсүндөгү кызматтык авто унаасы эскилиги жетип,пайдаланууга болбой калгандыктан жарактан чыгарылысын.
2. Жаңы кызматтык авто унаа сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралсын.
3. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2002-жылы чыгарылган НИВА үлгүсүндөгү авто унааны жарактан чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык жаңы авто унаа сатып алуу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн
Төрага | Х. Каныбаев |