Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 35
К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин эмеректерин убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалык менчик жөнүндө” Мыйзамынынын 2-19-беренелерине ылайык жер көчкүсүнүн кесепетинен улам К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин имараты бузулуп,эмеректери көчүрүлүп чыгарылгандыгына байланыштуу мектептин эмеректерин Карл Маркс айылындагы А.Чиркешов атындагы башталгыч мектебине убактылуу пайдаланууга берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы К.Эралиевдин билдирүүсүн угуп,талкуулап Жалпак-Таш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. К.Калмурзаев атындагы орто мектебинен көчүрүлүп чыгарылган стол,парталары Карл Маркс айылындагы А.Чиркешов атындагы башталгыч мектебине убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. Карл Маркс айылындагы А.Чиркешов атындагы башталгыч мектебине иш кагаздарын жүргүзүү үчүн бир компьютер сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнсүн жана аны мыйзам чегинде сатып алып берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер,билим берүү, маданият,саламаттыкты сактоо,жаштар,спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Х. Каныбаев |