Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 36
БУУӨПтүн “Ош обласытын интеграциялап өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча жеригиликтүү өнүктүрүү комитетинин жобосун,курамын жана айылдык кеңеш тарабынан каттоо жөнүндө күбөлүгүн бекитүү жөнүндө
Жалпак-Таш айыл аймагы БУУӨПтүн пилоттук тизмесине киргендигине байланыштуу БУУӨПтүн “Ош обласытын интеграциялап өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча сунушталган жеригиликтүү өнүктүрүү комитетинин жобосун,курамын жана айылдык кеңеш тарабынан каттоо жөнүндө күбөлүгүн бекитүү максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. БУУӨПтүн “Ош обласытын интеграциялап өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча өнүктүрүү комитети жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. БУУӨПтүн “Ош обласытын интеграциялап өнүктүрүү” долбооруна колдоо көрсөтүүбоюнча Жалпак-Таш айыл аймагынын жергиликтүү өнүктүрүү комитетинин курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу формасындагы жеригиликтүү өнүгүү комитетин Жалпак-Таш айылдык кеңеш тарабынан каттоо жөнүндө күбөлүк 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Х. Каныбаев |
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин
2017-жылдын 13-сентябрындагы
№36 токтомуна 1-тиркеме
БУУӨПтүн «Ош областын интеграциялап өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча Кара-Тарык айылынын өнүктүрүү комитети жөнүндө ЖОБО
1. ЖАЛПЫ ЖОБО
1.1 Кара-Тарык айылынын жергиликтүү өнүктүрүү комитети (мындан ары – өнүктүрүү комитети) дайыма аракеттенген коллегиалдуу кеңешүүчү орган болуп эсептелинет. Өнүктүрүү комитети БУУӨПтүн «Ош областын интеграциялап өнүктүрүү» долбоорун Кара-Тарык айылынын деңгээлинде натыйжалуу ишке ашырууга көмөктөшүү максатында түзүлдү.
1.2. Өзүнүн ишмердүүлүгүндө Өнүктүрүү комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана башка ченемдик-укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетектейт.
1.3 Өнүгүү комитети өзүнүн милдеттерин акы төлөөсүз негизде аткарат.
1.4. Өнүгүү комитетинин мүчөлөрү айыл жашоочуларынын жалпы чогулушунда шайланат.
1.5. Айылдын коомдук иштерине активдүү катышкан, көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун жакшы билген ушул айылдын ар бир жашоочусу өнүгүү комитетинин мүчөлүгүнө шайлануусу мүмкүн.
1.6. Өнүгүү комитетинин ушул жобосу жана анын курамы айылдык кеңештин токтому менен бекитилет.
1.7. Өнүгүү комитетинин ишине кеңешчи же эксперт катары мамлекеттик эмес жана коомдук уюмдардын, башка донордук уюмдардын өкүлдөрү тартылышы мүмкүн.
2. ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨНҮГҮҮ КОМИТЕТИНИН ФУНКЦИЯСЫ
2.1. Жергиликтүү өнүгүү комитетинин функциялары:
2.2. Айылдын маанилүү көйгөйлөрүн БУУӨПтүн долбоорунун каржылык, техникалык, кеңеш берүү жана башка колдоолорунун эсебинен ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу, бекитүү жана коюлган милдеттерди ишке ашырууну уюштуруу.
2.3. БУУӨПтүн долбоорунун колдоосуна сунуштала турган айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоордук билдирмелерге карата алгачкы тандап алууну жүргүзүү;
2.4. Арыз ээлеринин социалдык-экономикалык долбоордук билдирмелери боюнча Б//ӨПтүн долбоорунун колдоосуна талапкерлике сунуштоо же сунуш берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
2.5. Колдоо алуунун түрдүү формаларына (гранттык, техникалык, кеңеш алуу ж.у.с.) сунуштоого социалдык, инфраструктуралык, экономикалык, ивестициялык жана башка долбоорлордун арасында конкурс өткөзүүнүн зарылдыгы жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу;
2.6. Социалдык-экономикалык долбоорлорду жана башка айыл деңгээлиндеги иш-чараларды ишке ашыруу процессине карата такай мониторинг өткөзүп туруу жана зарыл чечимдерди тез арада кабыл алуу максатында БУУӨПтүн долбооруна өз убагында маалыматтарды берүү.
2.7. Аягына чыккан социалдык-экономикалык долбоорлордун сапатына баа берүү жана аларды ишке берүү жөнүндө чечим чыгаруу.
2.8. БУУӨПтүн долбоорунун иш-чараларын айыл деңгээлинде координациялоо, анын ичинде БУУӨПтүн долбоору аркылуу өткөзүлгөн иштер жөнүндө жергиликтүү коомчулукту маалыматтар менен камсыздоо иш аракеттерин жүргүзүү.
3. ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨНҮГҮҮ КОМИТЕТИНИН ИШТЕРИН УЮШТУРУУ
3.1. Өнүгүү комитетинин заседаниеси анын негизги ишмердүүлүгү, ал кароого чыгарылган бардык маселелерди коллегиалдуу кеңешүүнү камсыздайт.
3.2. Өнүгүү комитетинин заседаниеси зарылдыка жараша 3 күндүк мөөнөттө төраганын/төрайымдын жеке демилгеси же өнүгүү комитетинин мүчөсүнүн сунушу боюнча чакырылат.
3.3. Өнүгүү комитетинин төрагасы/төрайымы
өнүгүү комитетинин ишин уюштурат;
өнүгүү комитетинин заседаниесин өткөзүү күнүн, убактысын белгилейт;
өнүгүү комитетинин заседаниесин өткөзүүнү чакырат;
өнүгүү комитетинин заседаниесинин күн тартибинде каралуучу маселелер боюнча чечим кабыл алуу процесстерин уюштурат;
заседаниенин протоколун жүргүзүүнү уюштурат;
заседаниеде төрагалыкты/төрайымдыкты жүргүзөт.
3.4. Өнүгүү комитетинин секретары
өнүгүү комитетинин заседаниесинин күн тартибинин долбоорун даярдайт;
өнүгүү комитетинин заседаниесин өткөзүү жөнүндө өнүгүү комитетинин мүчөлөрүн өз убагында кабарлоону камсыздайт (2 кундөн кеч эмес мөөнөттө);
өнүгүү комитетинин заседаниесинин протоколун жүргүзөт;
өнүгүү комитетинин кабыл алган чечимдери жөнүндө бардык кызыкчылык тараптарды кабарлайт.
4. ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ
4.1. Өнүгүү комитетинин чечимин кабыл алуу анын заседаниесине катышкан көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынат.
4.2. Күн тартибиндеги маселеге карата добуш берүүдө өнүгүү комитетинин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуштар тең болуп калган учурда өнүгүү комитетинин заседаниесиндеги төраганын/төрайымдын добушу чечүүчү добуш болуп эсептелинет.
4.3. БУУӨПтүн долбоору үчүн өнүгүү комитетинин заседаниесинин чечими сунуштоо мүнөзүнө ээ.
5. ЗАСЕДАНИЕНИН ПРОТОКОЛДОРУ
5.1. Өнүгүү комитетинин чечимдери протокол менен жазылат
5.2. Заседаниенин протоколу заседание өткөндөн 3 күндөн кем эмес мөөнөттө жазылып даярдалат.
Протоколдо көрсөтүлөт:
заседаниени өткөрүү күнү;
заседаниеге катышкандардын тизмеси;
заседаниенин күн тартиби;
чыгып сүйлөгөндөрдүн негизги жоболору, добушка коюлган маселелер, аларга карата добуш берүүнүн жыйынтыктары;
кабыл алынган чечимдер.
5.3. Заседаниенин протоколдоруна заседаниенин төрагасы/төрайымы жана өнүгүү комитетинин секретары кол коет.
Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2017-жылдын
13-сентябрындагы №36 токтомуна
2-тиркеме
БУУОПтун «Ош областын интеграциялап онуктуруу долбооруна колдоо корсотуу боюнча Кара-Тарык айылынын жергиликтуу комитетинин
КУРАМЫ
№ | Фамилиясы,аты | Иштеген жери | Кызматы | Байланышы телефону |
1 1 | НаркуловКамалдин | Жалпак-Таш а-к | А\к депутат,МКРдин торагасы | 0554021160 |
2 | ЖайнаковаНуркан | Жалпак-Таш а\о | Аялдар кенешинин мучоссу,МКРдин катчысы | 0555107376 |
3 | ЭшенкуловСапарбек | Жалпак-Таш а\о | Жеке ишкер,мучосу | 0558688090 |
4 | Алиев Абдибаит | Жалпак-Таш а\о | Аксакалдар сотунун мучосу | 0556004157 |
5 | СардаловаГулжан | Кара-Тарык ФАП | ФАП жетекчиси,мучосу | 0554441258 |
БУУОПтун «Ош областын интеграциялап онуктуруу долбооруна колдоо корсотуу боюнча Туз-Бел айылынын жергиликтуу комитетинин
КУРАМЫ
№ | Фамилиясы,аты | Иштегенжери | Кызматы | Байланышы телефону |
1 | АшимоваАйсулуу | Жалпак-Таш а-к | А\к депутат МКРдин торайымы | 0558523915 |
2 | МатиевУлукбек | Жалпак-Таш а\о | Жер адис,МКРдин катчысы | 0557785785 |
3 | Мамасадыков Султан | Туз-Бел айылы | «Султан-Супа-Таза-Суу» СООВППнын башчысы, мүчөсү | 0558565750 |
4 | МаметоваДатка | Жалпак-Таш а\о | Аялдар кенешинин торайымы,мүчөсү | 0558150461 |
5 | ТайевАрапбай | Жалпак-Таш а\о | Аксакалдар сотунун мучосу |
|
Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Нурдинов
Жалпак-Таш Айылдык кенешинин
2017-жылдын 13-сентябрындагы
№36 токтомуна 3-тиркеме
Кыргыз Республикасы,
Ош областы,Өзгөн району,
Жалпак-Таш айылдык кенеши
Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу формасындагы жеригиликтүү өнүгүү комитетин Жалпак-Таш айылдык кеңеш тарабынан каттоо жөнүндө
КҮБӨЛҮК
Катоо номери_________
Каттоо күнү жана жылы__________________
_____________ айылынын жергиликтүү өнүгүү комитети
Уюштуруу-укуктук формасы: аймактык коомдук өз алдынча башкаруу
Менчик формасы: коомдук
Жайгашкан жери:____________ айылы Жалпак-Таш айыл аймагы Өзгөн району Ош облусу
Бул күбөлүк Жободо көрсөтүлгөн иш аракеттерди
аткарууга укук берет
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2017-жылдын 13-сентябрындагы №_________ токтому менен бекитилген.
Жалпак-Таш айылдык
Кеңешинин төрагасы: Каныбаев Хайрулла