Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 37
Жер көчкүсүнөн жапа чеккен Курбу-Таш айылынын жашоочусу Парманкулов Мурзанын арызы жөнүндө
Жер көчкүсүнөн жапа чеккен Курбу-Таш айылынын жашоочусу Парманкулов Мурзанын Жалпак-Таш айылдык кеңешинин атына жазаган арызын карап чыгып,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө””Мыйзамдарынын негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жер көчкүсүнөн жапа чеккен Курбу-Таш айылынын жашоочусу Парманкулов Мурзанын Жалпак-Таш айылдык кеңешинин атына жазаган арызы канааттандырылсын.
2. Парманкулов Мурзага жардам катары жергиликтүү бюджеттен 15,0 миң сом акча каражаты каралсын.
3. Акча каражытын мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер,билим берүү, маданият,саламаттыкты сактоо,жаштар,спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Х. Каныбаев |