Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 38
Куршаб-Жалпак-Таш авто жолунун 19-21 чакырымына Эргешов Таалайбек Туратовичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Жалпак-Таш айыл аймагындагы жер көчкү кеспеттерин жоюуда жигердүү катышкандыгы, Куршаб-Жалпак-Таш авто жолунун көчкү баскан бөлүктөрүн ачууда жакындан көмөк көрсөткөндүгү жана айыл аймагына кылган ак эмгеги үчүн Түз-Бел айылынын тургуну Эргешов Таалайбек Туратовичтин ысымын Куршаб-Жалпак-Таш авто жолунун 19-21 чакырымына курулган жолго ыйгаруу боюнча айыл элинин сунуштарынын негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Куршаб-Жалпак-Таш авто жолунун 19-21 чакырымына курулган жолго “Эргешов Таалайбек” атындагы жол деп ысым ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Х. Каныбаев |