Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 39
Курбу-Таш айылына социалдык мекемелердин курулушу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамына ылайык Курбу-Таш айылындагы көчкү алдында калган социалдык объектилерди кайрадан куруу үчүн тиешелүү документтерди тактоо жана алардын курулуш иштерин тездетүү үчүн Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылынын түндүк тарабындагы 436-контурда жайгашкан 6,42 га социалдык мекемелерди (мектеп,ФАП,бала-бакча) куруу үчүн тиешелүү документтер даярдалсын.
2.Курбу-Таш айылына социалдык мекемелерди (ФАП,бала-бакча) куруу үчүн тиешелүү иш-кагаздарын даярдап, тездетүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча туруктуу комииссиясына” жүктөлсүн.
Төрага | Х. Каныбаев |