Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 40
Жайыттарды башкаруу жана пайдалынуу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюдеттик Кодексине жана “Жайыттар жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү боюнча типтүү келишимин бекитүү максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалынуу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү
жөнүндө типтүү келишими бекитилсин.(келишим тиркелет)
2.Жайыт пайдалануучулар бирикмеси менен айыл өкмөтүнүн ортосунда ыйгарым укутарын өткөрүп берүү боюнча келишимин түзүү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бюдеттик жол-жоболорго ылайык ,ЖПБ/ЖК жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөмдү жергиликтүү бюджеттин кирешесин,чыгашасын камсыздоо жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Суранбаевге жүктөсүн.
4.Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруучу органы бюджеттик каражаттарды алуучу катары,алынган сумманы бекитилген суммага ылайык,аны камсыздоо,жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу жана өркүндөтүүгө жумшоо Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасына милдеттендирилсин.
5.Үчтөн бир бөлүктү түзгөн жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн каражаттар , жергиликтүү кенештин чечими менен бекитилген жергиликтүү бюджеттин жазылышына ылайык,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан пайдалана тургандыгы белгиленсин.
6.Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча туруктуу комииссиясына” жүктөлсүн.
Төрага | Х. Каныбаев |
Ош облусунун Озгон районунун Жалпак-Таш Айыл аймагынын
2017-жылдагы «13» сентябрь
Жергиликтүү кеңештин №40 токтому менен «БЕКИТИЛГЕН»
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан
Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө
ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
Курбу-Таш айылы "___" _________________ _____ ж.
1. Ош облусунун Озгон районунун Жалпак-Таш жергиликтүү кеңештин _____________ №______ токтомунун негизинде иш жүргүзгөн Ош облусунун Озгон районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын башчысы Эралиев Кутман аркылуу,мындан ары «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы», бир жагынан, жана
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставынын негизинде иш жүргүзгөн Жайыт комитетинин төрагасы Калыкбердиев Талантбек аркылуу, Ош облусунун Озгон районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмеси, мындан ары «Жайыт пайдалануучулар бирикмеси», экинчи жагынан төмөнкү келишимди түздүк:
Келишимдин предмети
1.1 Ош облусунун Озгон районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Жергиликтүү өз алдынча аткаруу органы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берет.
Жайыт жерлердин жалпы аянты: _______га
Жайыттын түрү жана аянты : Жаздоо,Куздоо__________га, Кыштоо_______га, Жайлоо_______га
Жайыт участокторунун жайгашкан орду ______________ ______га, ____________ ______га,__________________ ______га,___________________ _______га, _________________ ______га.
- Сунушталган жайыт жерлеринин картасы (Типтүү келишимдин №1Тиркемеси)
- Жайыт инфраструктурасынын объектилеринин кабыл алуу-өткөрүү актылары (Типтүү келишимдин №2 Тиркемеси) (чабандардын үйү, кой короолор, мал айдап өтө турган жолдор, көпүрөлөр, купкалар) (жайыт инфраструктуралары бар болгондо кабыл алуу-өткөрүү актысы таризделет).
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
1.2. Жергиликтүү өз алдынча органдарын укуктары:
1.2.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы – айыл өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планына, жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык аткарылышын, жана ошондой эле бул максатта берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттардын пайдаланылышын көзөмөлдөөгө;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда кетирген мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча маалымат, материалдарды жана документтерди талап кылууга;
- Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруунун жыйынтыктары жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча маалыматтарды берүү максатында Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин отчетторунун формасын бекитүүгө;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн берилген, бирок максаттуу эмес пайдаланылган каражаттарды белгиленген тартипте өндүрүп алууга;
2.1.2. Жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы – жергиликтүү кеңештин укуктары:
- Милдеттүү түрдө аткарылуучу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарылган укуктардын аткарылышы боюнча аткаруу актыларын өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алуу;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен жайыттарды пайдаланууда мыйзам бузууларды, жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планын жана жылдык планды бузууларды жоюуну талап кылуу;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарылган укуктардын аткарылышына байланыштуу маалымат, материалдарды жана документтерди талап кылуу.
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу жана сактоо боюнча алдыңкы методдорду колдонууну сунуштоо;
1.3. Жергиликтүү өз алдынча органдардын милдеттери
2.2.1. Жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы – айыл өкмөтүнүн милдеттери:
- Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздоо үчүн берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө берүү;
- Жайыттарды пайдалануу үчүн төлөмдүн үчтөн экисин (2/3) жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык планга ылайык, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсебине которуу;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесине методикалык, уюштуруу, консультациялык жана башка жардам көрсөтүү; Жайыт пайдалануучулар бирикмесин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууга керектүү укуктук, техникалык жана башка документтер, ошондой эле кеңсе имараты менен камсыздоо;
- жылына бир жолудан кем эмес жайыттардын абалына биргелешкен мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планына, жылдык жайыттарды пайдалануу планынын жана ушул келишимдин негизинде жайыттарды эффективдүү башкаруу жана пайдаланууга тоскоол болгон аракеттерге жана чечимдерге жол бербөөгө милдеттүү;
2.2.2. Жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы – жергиликтүү кеңештин милдеттери:
- Жайыт пайдалануучулар бирикмеси берген жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык планды үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан кечиктирбестен карап чыгуу жана бекитүү.
2.3. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси төмөнкүлөргө укуктуу:
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн каралган финансылык, материалдык жана башка каражаттарды өз учурунда жана толук көлөмдө өткөрүп берүүсүн талап кылууга;
- жайыт жерлерин өз алдынча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планына ылайык башкарууга жана пайдаланууга;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн талап кылынган методикалык, уюштуруу, консультациялык жана башка жардамды, ошондой эле керектүү укуктук, техникалык жана башка документтерди, кеңсе имаратын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алууга;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу маселелерин талкуулоого байланышкан тиешелүү аймакта жайгашкан жергиликтүү кеңештин иш-аракеттерине катышууга жана сунуштарды киргизүүгө;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда кетирилген мыйзам бузууларды жоюу тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген жазуу жүзүндөгү эскертүүлөр боюнча даттануу укугуна ээ.
2.4. Жайыт пайдалануучулар бирикмелери төмөнкүлөргө укуктуу:
- жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамына, жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планына, жайыт жерлерин пайдалануунун жылдык планына жана ушул келишимге ылайык аткарууга;
- жергиликтүү өз алдынча органы менен биргеликте жайыттардын абалына жылына бир жолудан кем эмес мониторинг жүргүзүүгө жана баа берүүгө;
- жайыт билеттерин мыйзамга, жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык берүүгө жана жайыттарды мал жаюуга байланышпаган, башка максатта пайдалануу боюнча келишимдерди түзүүгө;
- жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилглен жайыттарды пайдалануу үчүн төлөмдү аныктоого жана жыйноого;
- жайыттарды пайдалануу жана чектерин аныктоого байланышкан жайыт пайдалануучулардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштары чечүүгө;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планын өз убагында иштеп чыгып, жергиликтүү кеңешке кароого жана бекитүүгө үстүбүздөгү жылдын 1-февралынан кечиктирбей берүүгө;
- жайыт которууну, мал жаюу мөөнөтүн жана узактыгын жайытты деградацияга алып келе турган ашыкча жүк келтирбей колдонууга;
- ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздоого;
- ыйгарым укуктарды аткаруу жана берилген материлдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына текшерүүлөрдү тоскоолсуз жүргүзүүгө шарттарды түзүп берүүгө;
- жайыттардын абалы, ошондой эле жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктардын аткарылышы жөнүндө отчетту, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жылына бир жолу маалымат берүүгө;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууга бөлүнүп берилген финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жылына бир жолу финансылык отчет берүүгө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды аткарууга байланыштуу маалымат, материалдарды жана документтерди берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамын, жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планын, жайыттарды пайдалануунун жылдык планын жана ушул келишимди бузууну болтурбоого;
- ыйгарым укуктар мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууга берилген сарпталбаган финансылык, материалдык жана башка каражаттарды кайтарып берүүгө;
- ушул келишимде аныкталган өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка адамга өткөрүп бербөөгө милдеттүү;
Тараптардын финансылык мамилелери
3.1. Жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн төлөмдү жайыт комитети жыйнайт. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамына ылайык, жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн каражаттар жергиликтүү өз алдынча органдын бюджетине которулат, жана жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн курамында бекитилет.
3.2. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарылган укуктарды аткаруу максатында, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджеттин Салам-Аликлышына ылайык, жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөмдүн үчтөн экиси (2/3) Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсебине которулат. Которулган финансылык каражаттардын суммасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында/Айыл өкмөтүндө ачылган ЖПБ/ЖКнын өздүк эсебиндеги акча каражаттарына байланыштуу болот.
3.3. ЖПБнын эсебине акча каражаттарын которуу мөөнөтү ЖК өтүнмөнү берген күндөн тартып 2 күндөн көп эмес убакытты түзөт.
3.4. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси финансылык каражаттарды жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык планга жана жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык планга ылайык иш-чараларды каржылоого жумшайт.
3.5. Жайыт пайдалануучуларга салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
Жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин жергиликтүү өз алдына башкаруу органынын алдындагы отчеттуулугу
4.1. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ыйгарылган укуктардын аткарылышы жана аткаруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана финансылык каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчетторду ушул келишимде белгиленген мөөнөттө тапшырат. Бул отчеттор жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
4.2. Ыйгарылган укуктардын аткарылышы тууралуу отчеттуулук ушул келишимде белгиленген мөөнөттө берилбесе, Жайыт пайдалануучулар бирикмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартат.
5. Келишимди колдонууга киргизүү тартиби жана мөөнөтү
5.1. Ушул келишим жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.2. Ушул келишим белгисиз мөөнөткө түзүлдү.
6. Келишимдин шарттарын өзгөртүү
6.1. Ушул келишимди өзгөртүүгө жана толуктоого тараптардын макулдашуусу боюнча жол берилет.
6.2. Ушул келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет жана ушул келишимге киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген күңдөн тартып күчүнө кирет.
7. Ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу негиздери жана тартиби
7.1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине берилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
- келишимди жараксыз деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын андан ары аткаруу мүмкүндүгүн алып таштоо боюнча ченемдик укуктук акты кабыл алынганда;
7.2. Ыйгарым укуктарды аткаруу төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- Жайыт пайдалануучулар бирикмеси ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн алган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максатсыз пайдаланганда;
7.3. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу талаптардын биринин демилгеси менен токтотула турган болсо, токтотууну талап кылган тарап экинчи тарапка жазуу жүзүндө билдирүүнү жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдуу күнүнөн 15 жумуш күн мурда жөнөтүшү керек;
7.4. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуу жөнүңдө билдирүүнү алган тарап аны 15 жумуш күнү ичинде карап чыгат жана экинчи тарапка билдирүү боюнча кабыл алынган чечимин билдирет;
Экинчи тарап алынган билдирүү боюнча макул болсо, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктары тараптардын макулдашуусуна ылайык токтотулат.
7.5. Эгерде 30 жумуш күнү ичинде билдирүүнү кароонун жыйынтыгы тууралуу жазуу жүзүндө жооп жок болсо же экинчи тарап жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын аткарууну токтотууга каршы болсо, ыйгарым укуктарды мөөнөтүңөн мурда токтотуу маселеси сот тартибинде чечилет.
7.6. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу токтотулган күндөн тартып, бул ыйгарым укуктарды Жайыт пайдалануучуга ыйгарым укуктарды берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аткарууга милдеттүү.
8. Тараптардын жоопкерчилиги
8.1. Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандыгы, укуктарды чектегендиги же материалдык жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
8.2. Жайыт комитетинин төрагасы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын тийиштүү түрдө аткаруу, өткөрүлүп берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды максатуу пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул келишимдин жоболорун так аткарууга жеке жоопкерчилик тартат.
9. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
9.1. Ушул келишимден келип чыккан талаш-тартыштарды тараптар сүйлөшүү жолу менен чечүүгө милдеттенишет. Эгер макулдашууга жетишүү мүмкүн болбосо, талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.
10. Корутунду жоболор
10.1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө келишим мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде үч нускада түзүлөт, тараптардын ар бири үчүн бирден нуска берилет жана бир нускасы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары маалымат үчүн жөнөтүлөт.
10.2. Ушул келишимдин бардык нускалары окшош жана бирдей юридикалык күчкө ээ.
Тараптардын даректери жана колдору
Озгон району Курбу-Таш айылы Озгон району Курбу-Таш айылы Курбу-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
Жалпак-Таш айыл аймагынын башчысы: Эралиев Кутман |
| торагасы: Калыкбердиев Талантбек |
| ||
______________________________ |
| ______________________________ |
|
|
|