Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 41
Жер көчкүсөнөн жапа чеккен Курбу-Таш айылынын тургундарынын турак-үй куруусу үчүн пайдаланган агын суусуна жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Курбу-Таш айылынан жер көчкүсүнүн кесепетинен Кызыл-Октябрь айылы өкмөтүнүн Ынтымак айылына көчүп барып,турак-үй куруп жаткан жарандардын курулуш куруусуна шарттарды түзүп берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү максатында Жалпак-Таш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Курбу-Таш айылынан жер көчкүсүнүн кесепетинен Кызыл-Октябрь айылы өкмөтүнүн Ынтымак айылына көчүп барып,турак-үй куруп жаткан жарандардын курулуш куруусу үчүн агын сууга ж.б. төлөмдөрүнө жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралсын.
2. Аталган жарандардын турак-үй куруусуна тиешелүүлүгүнө жараша акча каражатын мекеме уюмдарга которуп берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча туруктуу комииссиясына” жүктөлсүн.
Төрага | Х. Каныбаев |