Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 42
Т.Оморкулов атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушуна жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
2015-жылдын ноябрь айында жер титирөөнүн кесепетинен улам авариялык абалга дуушар болгон Үч-Капчал айылындагы Т.Оморкулов атындагы орто мектебинин имаратын жаңыдан куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Т.Оморкулов атындагы орто мектебинин 225 орундуу жаңы имаратын куруу үчүн Үч-Капчал айылынын Сар-Таш көчөсүнүн түштүк тарабынан жер аянты бөлүп берилсин.
2.Мектептин имаратын куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “айыл чарбасы,өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Х. Каныбаев |