Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-ноябры № 46
Ветеринардык врач кызмат ордун кароо жөнүндө
Айыл аймагынын тургундары мал-чарбачылыгы менен алектенгендигине байланыштуу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча комиссиясынын сунушун карап чыгып, келишимдик негизде ветеринардык врач кызмат ордун кароо максатында Жалпак-Таш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө келишимдик негизде ветеринардык врач кызмат орду каралсын жана анын эмгек акысына жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты төлөнүп берилсин.
2. Ветеринардык врач кызмат ордуна КРнын Мыйзамдарына ылайык кабыл алуу жана анын эмгек акысын төлөп берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “айыл чарбасы,өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары Ш.Арынов