Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-ноябры № 47
Ат оюндарын уюштуруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жана бөлүнгөн жерлерди ыңгайлаштырууга акча каражатын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын жана улуттук “улак тартыш”, ”көк бөрү” оюндарын өркүндөтүү,жаштарды спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында ат майднына жер аянтын бөлүү жана аны ыңгайлаштыруу боюнча дептутаттардын сунуштарынын негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Ак-Терек айылынын Ак-Ой участкасындагы эски сарайдын ордунан ат оюндарын уюштуруу үчүн жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Ак-Терек айылынын Ак-Ой участкасындагы эски сарайдын ордун жана Курбу-Таш айылынан бөлүнүп берилген жер аянттарын ынгайлаштыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен сметага ылайык акча каражаты бөлүнсүн.
3. Жогорудагы жер аянтын жана аларды ыңгайлаштырууга акча каражатын мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер,билим берүү, маданият,саламаттыкты сактоо,жаштар,спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төраганын орун басары Ш.Арынов