Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-ноябры № 48
Жалпак-Таш айылдык кенешинин сессиясына себепсиз катышпаган депутаттардын жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө
Жалпак-Таш айылдык кенештин регламентине ылайык сессияга себепсиз катышпаган депутаттардын жоопкерчилигин күчөтүү жана аларга тартиптик чараларды көрүү боюнча депутаттардын сунуштарынын негизинде Жалпак-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жыл ичинде себепсиз катышпаган депутаттарга анализ жүргүзүп,айылдык кенештин сессиясына сунуштоо регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
2.Жогорудагы туруктуу комиссиянын сунушуна ылайык сессияларга себепсиз катышпаган депутаттарга айылдык кенештин регламентинде белгиленген тартиптик чаралар колдонулары эскертилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төраганын орун басары Ш.Арынов