Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-декабры № 49
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-102- 117-беренелерине жана финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышын алдын ала каралып,алардын сунуштарынын негизинде Жалпак-Таш айылыдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2018-жылга Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 17669800 сомго бекитилсин.( №1,№2 тиркеме)
2. Айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. 2018-жылга чегерүүлөрдүн чечимдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а).жалпы мамлекеттик салыктын түшүүлөрдөн:салык агентиги тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан 50% өлчөмдө;
б).ыктыярдуу патент негизиндеги салыктан,милдеттүү патентөө негизиндеги салыктан,бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдөн-айылдардын жергиликтүү
бюджеттеринин тескөөсүнө 100% өлчөмүндө;
в) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды,мунайды,газды кошпогондо,роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине 50% өлчөмүндө.
4. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпасын.
5. Мыйзам менен кралган ыйгарым укуктардын чектеринде,жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэфиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү 2016-жылдын 30-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзам менен 2018-2020-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 178969 сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Айыл өкмөтүнө 2018-2020-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте тартипте корголгон беренелер (эмгек акы,социалдык фондго чегерүү,тамак-аш,дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр),комуналдык кызматтар (электр энергия,көмүр,суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
8. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовой наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2018-жылдын 1-январына карата 5000 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
9. Өндүрүлбөй калган салык карыздары белгиленип,аларды өндүрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
10.Жалпак-Таш айыл аймагы тоолуу,шарты катаал,табигий кырсыктар коркунучу бар жерде жайгашкандыктан табийгат кырсыктарын алдын алуу максатында жана калктын аярлуу катмарына,аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө,социалдык ооруларга ж.б. социалдык маселелрди чечүүгө,Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине,энелер күнүнө,согуш мезгилинде тылда кызмат кылгандарга,Баатыр энелерге,Ооганчыларга,Баткен коогалаңынын катышуучуларына жардам берүү үчүн акча каражаттары каралсын.
11. Айылдык кеңештин иш аракеттерин жана иш кагаздарын жүргүзүү (токтомдорду юстициядан каттоодон өткөрүү,расмий тилге которуу,маалымат каражаттарына жарыялоо ж.б.) үчүн акча каражаты каралсын.
12. Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жазылган долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иш-чараларга жана өздүк салымдарды кошууга керектелген каражаттарды каржылоо айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланаары белгиленсин.
13. 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндөгү 2-топтогу кыймылсыз мүлк салыгы,юридиклык жер салыгы жана сатыктан алынуучу салыгы планда көп көрсөтүлүп калгандыктан жылдын алты айлыгында аткарылышы боюнча каралып,эгерде аткарылбаса тиешелүү органдарга кайчы пикир берилсин.
15. Токтом кабыл алынып бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
16. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “финасы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча” туруктуу комиссиясына жуктолсүн.
Төраганын орун басары Ш.Арынов
Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2018-жылдын
23-декабрындагы №49 токтомуна №1-тиркеме
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын киреше бөлүгүнүн долбоору
№ | Кирешелердин аталышы | 2018-жылга бекитилген долбоору |
1 | Киреше салыгы | 1760,5 |
2 | Чакан ишекердик субьектер учун бирдиктуу салык | 3,0 |
3 | Ыктыярдуу патент | 392,0 |
4 | Кыймылсыз мүлк салыгы (2-топтогу) | 48,0 |
5 | Транспорт салыгы | 523,3 |
6 | Физикалык жер салыгы | 174,5 |
7 | Юридикалык жер салыгы АЧБ | 336,3 |
8 | Айыл чарба эмес жер салыгы | 187,0 |
9 | Сатыктан алынуучу салык | 1030,0 |
10 | Рояли жалпысы | 5930,0 |
| 1)Роялти (беттегич таштар) | 4214,6 |
| 2)Роялти (курулуш куруу) | 5,4 |
| 3)Роялти (курулуш ташы) | 1710,0 |
11 | Линценцияны кароо учун | 240,0 |
12 | Кен байлык жайгашкан жердин ижарасы | 810,0 |
13 | Жайыт ижарасы учун акы | 200,0 |
14 | КБФнын ижарасы | 250,9 |
15 | Таштанды чыгаруу | 10,0 |
16 | Атайын каражат (ата-энелер толому) | 420,0 |
17 | Бардык киреше | 12315,5 |
18 | Тендештирүүчү грант | 5354300 |
| ЖАЛПЫСЫ | 17669800 |
Айыл өкмөтүнүн башчысы: К.Эралиев
ФЭБ башчысы: О.Суранбаев
Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2017-жылдын
23-декабарындагы №49 токтомуна №2-тиркеме
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын чыгаша бөлүгүнүн долбоору
#№ |
| 2111 Эмгек акы | 2121 Соц.фондго котрулганы | 2211 Сапар чыгымы | 2214 Транспорттук кызмат | 2218 Тамак-аш үчүн | 2221 Пробритение услуг | 2222 чарбалык максаттар үчүн | 2224 Көмүр үчүн | 2232 Эл. энергия | 31111 Строительство здание и сооружениие | 2215 Ар кандай чыгымдар | 2824 Резерфдик фонд | Итого |
11 | Гос.услуга | 3070,2 | 454,0 | 150,0 | 180,0 |
| 800,0 | 800,0 | 62,8 | 23,2 |
| 650,0 | 176,6 | 6366,8 |
22 | Экономикалык суроо (айыл чарба бөлүмү) |
|
|
|
|
| 1685,2 |
|
|
|
|
|
| 1685,2 |
33 | ЖКХ турак жай кызматы |
|
|
|
|
| 712,4 | 435,4 |
|
| 2500,0 |
|
| 57299 |
44 | Китепкан | 139,5 | 24,2 |
|
|
|
|
| 3,8 |
|
|
|
| 167,5 |
55 | СДК маданият үйү | 544,8 | 94,0 |
|
|
|
| 80,0 | 13,6 | 7,5 |
|
|
| 739,9 |
66 | Билим берүү |
|
|
|
|
|
| 600,0 | 610,2 | 460,1 |
| 200,0 |
| 1870,3 |
77 | Балдар бакчасы |
|
|
|
| 632,2 |
| 200,0 | 42,0 | 36,0 |
|
|
| 910,2 |
| ЖЫЙЫНТЫГЫ | 3754,5 | 572,2 | 150,0 | 180,0 | 632,2 | 5279,7 | 2115,4 | 732,4 | 526,8 | 2500,0 | 1050,0 |
| 17669,8 |
Айыл өкмөтүнүн башчысы: К.Эралиев
ФЭБ башчысы: О.Суранбаев
Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2018-жылдын
23-декабрындагы №49 токтомуна №3-тиркеме
Айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрү
№ | Кирешелердин аталышы | 2018 | 2019 | 2020 |
1 | Киреше салыгы | 1760,5 | 1797,8 | 2267,8 |
2 | Чакан ишекердик субьектер учун бирдиктуу салык | 3,0 |
|
|
3 | Ыктыярдуу патент | 392,0 | 385,5 | 400,0 |
4 | Кыймылсыз мүлк салыгы (2-топтогу) | 48,0 | 48,0 | 48,0 |
5 | Транспорт салыгы | 523,3 | 415,0 | 420,0 |
6 | Физикалык жер салыгы | 174,5 | 171,5 | 171,5 |
7 | Юридикалык жер салыгы АЧБ | 336,3 | 336,3 | 336,3 |
8 | Айыл чарба эмес жер салыгы | 187,0 | 52,0 | 52,0 |
9 | Сатыктан алынуучу салык | 1030,0 | 590,0 | 500,0 |
10 | Рояли жалпысы | 5930,0 | 4700,0 | 4700,0 |
| 1)Роялти (беттегич таштар) | 4214,6 |
|
|
| 2)Роялти (курулуш куруу) | 5,4 |
|
|
| 3)Роялти (курулуш ташы) | 1710,0 |
|
|
11 | Линценцияны кароо учун | 240,0 |
|
|
12 | Кен байлык жайгашкан жердин ижарасы | 810,0 | 810,0 | 810,0 |
13 | Жайыт ижарасы учун акы | 200,0 |
|
|
14 | КБФнын ижарасы | 250,9 | 250,9 | 250,9 |
15 | Таштанды чыгаруу | 10,0 | 10,0 | 10,0 |
16 | Атайын каражат (ата-энелер толому) | 420,0 | 420,0 | 420,0 |
17 | Бардык киреше | 12315,5 | 9987,0 | 10386,5 |
18 | Тендештирүүчү грант | 5354300 | 5569,4 | 4807,5 |
| ЖАЛПЫСЫ | 17669800 | 15556,4 | 15194,0 |
Айыл өкмөтүнүн башчысы: К.Эралиев
ФЭБ башчысы: О.Суранбаев