Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-декабры № 50
Билим берүү мекемелеринде эмгектенген мугалимдерге, бала бакчасындагы тарбиячыларга жана жаш мугалимдерге социалдык жактан колдоо көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”,”Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”,”Мугалимдердин статусу жөнүндө” Мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.05.2013-жылдагы № 302 токтомуна таянып Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Өзгөн райондук комитетинин айылдык кеңешинин атана жазган сунушун негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалпак-Таш айыл аймагындагы билим берүү мекемелериндеги мугалимдерге,балдар бакчасындагы тарбиячыларга,жаш мугалимдерге социалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында төмөндөгү Мыйзам менен кепилденген жеңилдиктерге жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралсын;
-мугалимдерге комуналдык тейлөөдөн жеңилдиктерди көрсөтүүгө;
-мектептердеги жетишпеген адистерди эске алуу менен муктаждыгына жараша айыл жерине келип,жайгашкан жаш адистерге он эсесленген оклад өлчөмүндөгү жөлөк пулдар менен камсыздоого;
-медициналык кароодон акысыз өткөрүүнү камсыздоого;
-билимдерин өркүндөтүү үчүн курска жөнөтүлгөн бала бакчалардын тарбиячыларынын сапар чыгымдарынын ордун толтурууга.
2. Жогорудагы мыйзам менен кепилденген социалдык жардамдарды муктаждыгына жараша,Мыйзам чегинде төлөп берүү жана айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн иш-чаралар планына киргизүү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер,билим берүү, маданият,саламаттыкты сактоо,жаштар,спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төраганын орун басары Ш.Арынов