Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-марты № 3
Жалпак-Таш айыл аймагынын 2018-2020-жылдарга туруктуу өнүгүүсүнүн планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Жалпак-Таш айыл өкмөтү сунуштаган Жалпак-Таш айыл аймагынын 2018-2020-жылдарга өнүгүүсүнүн планын карап чыгып Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Жалпак-Таш айыл аймагынын 2018-2020-жылдарга туруктуу өнүгүүсүнүн планы алымча,кошумчалары менен №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
Айыл аймагында көйгөйлүү маселелер жаралган учурда кабыл алынган иш-чаралар планына айылдык кеңештин депутаттарынын кароосунун жана сунушунун негизинде кошумча өзгөтүүлөр киргизиле тургандыгы белгиленсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер,билим берүү, маданият,саламаттыкты сактоо,жаштар,спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары Ш. Арынов
«Бекитилди»
Жалпак-Таш айылдык аймагынын
Айылдык Кенешинин 2018-жылдын 12-мартындагы
№3 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Өзгөн району
Жалпак-Таш айыл аймагы
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
2018-2020-ЖЫЛДАРГА
ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНҮН ПЛАНЫ
Курбу-Таш айылы, 2018-жыл
Киришүү
Айылдык Кеңеш тарабынан кабыл алынган стратегиялык өнүгүү пландын туруктуулугуна жетишүүнүн маанилүү факторлорунун бири болуп, аларды ишке ашырууга жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн тартуу саналат. Өнүгүү планын турмушка ашырууга жамааттардын өкүлдөрүн тартуу жамааттын келечекке коюлган пландын жыйынтыгына болгон кызыгуусун гана көрсөтпөстөн, ошондой эле катышуучулук жана менчик сезимин жогорулатат, ал болсо аягында пландын туруктуулугуна оң таасирин тийгизет.
Ушуга байланыштуу туруктуу өнүгүүнүн каралып жаткан стратегиялык планы жумушчу топ тарабынан Стратегиялык пландын концепциясын талдоо жана керектөөлөрдү жана артыкчылыктарды аныктоо, учурдагы абалды талдоо баскычтарында жергиликтүү калктын катышуусу менен иштелип чыгарылды. Мындан сырткары Стратегиялык пландын долбоору жергиликтүү калктын коомдук талдоо учурундагы сунуштарын жана комментарийлерин эсепке алуу менен кошумчаланды.
Жалпак-Таш айыл акмагынын туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык планы БУУ программасынын “Ош областынын комплекстүү өнүгүүсү” долбоорунун колдоосу менен 3 жылга иштелип чыгылды.
Жалпак-Таш айыл аймагынын туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык планын иштеп чыгууда жумушчу топ мамлекет башчысынын тапшырмасы менен кыска мөөнөт аралыгында иштелип чыгылуусу пландаштырылып жаткан “Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясы” жана Өкмөттүн 2018-2022-жылдарга белгиленген программасы сыяктуу өлкөнүн негизги стратегиялык документтерин жетекчиликке алышкан.
Программанын жаңылыгы муниципалдык-жекече өнөктөштүктүн жаңы куралдарын колдонуу менен Айыл аймагынын территориясын туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган иш-чаралардын комплексин иштеп чыгууда турат.
1. Программаны иштеп чыгуу ишмердүүлүктүн негизги үч багытында базаланды:
Айыл аймагынын социалдык-экономикалык жана экологиялык абалын талдоо;
2. Жергиликтүү коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн максаттарын жана милдеттерин, артыкчылыктуу багыттарын жана чыныгы мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо;
3. Программанын иштелип чыгылуусун Жалпак-Таш айыл аймагынын башчысы жана башка жетекчилери тарабынан координацияланышы.
Программанын максаттарына жана милдеттерине жетишүү пландаштырылган иш-чараларды аткарууда мүмкүн болот. Бул планды аткаруу Стратегияга түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн жыл сайынкы аралык милдеттүү мониторингди өткөрүү менен коштолуп баруусу керек.
Жалпак-Таш айыл аймагынын туруктуу өнүгүү программасы өз ичине төмөнкү тиркемелерди камтыйт:
1. Айыл аймагынын профайлы;
2. Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы;
3. Инвестициялык план жана аны ишке ашыруу үчүн каржылык керектөөлөрдү баалоо;
4. Мониторингдин жана иш-чаралардын Планын баалоонун индикаторлорунун матрицасы.
1. Жалпак-Таш айыл аймагы боюнча жалпы маалымат
Жалпак-Таш айыл аймагы бийик тоолуу аймакта жайгашып,түндүк-батыш тарабы Куршаб айыл өкмөтү менен, чыгыш тарабы Кара-Кулжа району менен,түштүк тарабы Алай району менен чектешет. Климаттык шарты катаал, дениз деңгээлинен 1500-2000 метр бийиктикте жайгашкан. Кышы ноябрь-апрель айларына чейин созулуп, кар калың жаайт.
Айыл аймактын курамында 8 калктуу конуш жайгашкан: Кысык-Алма, Киров, Курбу-Таш, Кара-Тарык, Карл Маркс, Ак-Терек, Түз Бел, Үч-Каптал. Айылдардын бардыгы атайын статуска ээ болушкан. Айыл аймагынын жалпы аянты 8560 миң кв.м, райондун борборуна чейинки аралык – 27 км, областтын борборуна чейинки аралык – 60 км, жакынкы темир жол станциясына чейинки аралык – 55 км, аэропортко чейинки аралык – 63 км.
Рельефи – бөксө тоолуу, боз топурактуу. Жеринин шарты мал чарбачылыгын жүргүзүүгө, дыйканчылык кылууга (негизинен кайракы), тоют менен камсыз кылууга шартташкан. Айылдык аймак сел жана жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү боюнча 8 баллдык, көчкү жүрүү коркунучу бар өтө чоң зонага дуушар.
Башкаруу органы – Жалпак-Таш Айылдык Кеңеши. Айылдык кеңеште 21 депутат шайланган, анын ичинде бир аял бар. Айылдык кеңештин курамында 4 туруктуу комиссия жумуш алып барат. Депутаттардын курамында жаштар басымдуулук кылат – 17 адам.
Аткаруучу орган – Айыл өкмөтү. Айыл өкмөттүн аппаратында кызматкерлердин саны 21 адам, мында бир да аял жок. Булардын жетөөсү айыл башчылары, жаштардын саны – 3.
2. Айыл аймагындагы демографиялык абал
Айыл аймагында 2017-жылда жалпысы болуп 1514 кожолукта 8943 адам катталган. Кожолуктардын саны 2017-жылга карата 16 га, ал эми адамдарынын саны 99 адамга көбөйгөн. Бир жылдын аралыгындагы калктын санын өсүүсү 1,1%ды түзгөн. 8943 адамдын ичинен 4469 у эркектер, 4474ү аялдар, жалпы катышы дээрлик 50/50%ды түзөт.
3. Айыл аймагынын жаратылыш ресурстары
3.1. Жер ресурстары
Жайыттар:
Жалпак-Таш айыл аймагындагы жайыттардын жалпы саны 2581 га ички жайыт. Сырткы жайыттар да бар, Кара-Кулжа районунун Ойтал айыл өкмөтүнүнүн аймагында, Миң жылкы жайыты, 7700 га. Өздөрү колдонушпайт, анткени өтө алыс жайгашкан жана инфраструктурасы начар болгондуктан көп кошумча чыгымдарды талап кылат. Мындан сырткары Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жакынкы жайыт бар, 4100 га. Бул мөөнөтсүз пайдалануудагы жайыт, жайыт пайдалануу акысы жайыт мыйзамына ылайык мал башынан алынат. Жайыт пайдалануу акысы жергиликтүүбюджетке айрым берене боюнча түшөт, бирок жайыт комитети тарабынан пайдаланылат. Жайыттарды башкаруу жайыт комитети тарабынан жүргүзүлөт, жайыт пайдалануудан түшкөн каражатты көзөмөлдөө Айыл Кеңеши тарабынан жүргүзүлөт.
Айыл аймагынын калкы ички жана жакынкы жайыттардан пайдаланышат. Жайыт пайдалануу акысы шарттуу мал башына 60 сомдон. Ички жайыттар жазында жана күзүндө пайдаланылат. Деградацияга учураган жайыттар жок, бирок малдын санынын көбөйүүсүнүн айынан бул көйгөй пайда болуусу мүмкүн. 2017-жылы жалпы айыл аймактагы көчкүлөрдүн айынан ички жайыттардын аянты 481 га кыскарып, жараксыз деп табылган. Андан сырткары көчкү жолдордун кээ бир бөлүктөрүн жараксыз абалга келтирген.
Айылдык Кеңештин отурумдарында жайыттарды коргоо маселеси жыл сайын көзөмөлдөнөт. Учурда убакыт боюнча чектөө менен малдын чыгып кетүү мөөнөтүн, келүү мөөнөтүн белгилешет. Башка түрдөгү чектөөлөр коюлган эмес.
Акыркы жылдарда кой кыркымы системалуу түрдө болбогондугунун айынан жакынкы жайыттарда таштанды жүндөрдүн көбөйүп баруусу байкалууда. Бул жайыттардын экологиясына коркунуч туудуруп жатат. Мунун алдын алуу үчүн кыркымды системалуу уюштуруу көйгөйүн чечүү зарыл. Койлорду жайлоого жөнөөрдүн алдында кыркымды уюштуруу үчүн айылдарда атайын кыркым пункттарын уюштуруу зарыл.
Айыл аймагындагы чөп чабынды жерлердин жалпы аянты 1717 га. Бул жер калктын керектөөсүн толук камсыз кыла алат. Тоюттардын баары ушул эле жерден чыгат. Бул жерлердин дээрлик жарымына көп жылдык чөптөр (беде, эспорцет) калктын өзүнүн демилгеси менен эгилген, бир жолу орулат, кийинкилерине жайлоодон келген малдар жайылат. Калк чөптү прищулка жана косилкалар менен оруп алышат.
3.2. Суу ресурстары:
Айыл аймагында жалгыз гана Шор-Суу деп аталган дарыя сыяктуу сай бар, башаты Фергана тоо тизмегинин Өзгөн тоо кыркаларынан башталат. Жаз мезгилинде, жаан-чачын убактарында анын суусу көбөйүп агат.
Сугат суу системасы таптакыр жок деп айтууга болбойт, там арка участокторун сугаруу үчүн сайлардан, булактардан жашоочулар өздөрү арыктарды казып, сууларды алып келүүгө аракет кылышат. Бирок тилекке каршы бул жумуштар системалуу болбогондуктан ар бир жашоочунун өздөрүнүн жеке мүмкүнчүлүгүнө жараша болуп жатат. Ким сайга же булакка жакын болсо, алар сууну алып там арка участокторундагы бак дарагын сугара алышат, ал эми андай мүмкүнчүлүгү жоктор бул жумушту өз күчтөрү менен жасоого кыйналышат. Огороддорунда картошка, чеснок, помидор, сабиз, жүгөрү эгишет. Аймактын климаттык шарты алманын, өрүк, шабдоолу, кара өрүктүн таза даамдуу өсүүсүн толук шарттайт. Талааларда болсо атайын тартылган сугат арыктары жок десе да болот. Сугат системасынын болбогондугу багбанчлыкты өнүктүрүүгө тоскоолдуктар жаратууда.
4. Айыл чарбасы.
4.1. Талаачылык
Жалпак-Таш айыл аймагынын экономикасынын негизги бөлүгүн түзгөн тармак болуп агрардык сектор болуп саналат. Бул сектордун өнүгүүсү, кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларын сырьелук ресурстар, калкты тамак-аш продуктылары жана ички аймактык дүң продукциянын олуттуу бөлүгүн камсыздоого мүмкүндүк берет.
Калк талаачылыкта сугат жер жоктугунан, негизинен кайракы жерде дан эгиндерин өстүрүү менен алектенишет. Дан эгиндеринен буудай менен арпа эгилет. Эгилген дан жаан-чачындын жетишээрлик деңгээлде болгондугунан толук кандуу бышып жетилет жана атаандаштыкка жөндөмдүү. Дыйкандардын өздөрүнүн пайдалануусунан ашат, ашыкчасы сатылып, үй-бүлөрлөрдүн кирешесин толуктайт.
Айыл чарба тармагынын дүң продукциясынын ичиндеги тармактардын үлүшүн талдасак, 2017-жылы талаачылык тармагы – 45 %, мал чарбасы – 55 % түзөт. Демек, айыл чарба өндүрүшүнүн алга жылдыруучу тармак катары экөөнү тең караса болот.
Көйгөйлөр:
Дан эгиндеринин үрөнү сапатсыз болгондуктан түшүмдүүлүк төмөн;
Кайракы жерлерге жеткиликтүүлүк үчүн инфраструктуранын абалы начар. (Киров, Кара-Тарык, Боз-Ала Үч-Каптал, Түз-Бел, Ак-Терек, Карл Маркс айылдарындагы талаачылык чарбалык ички жолдорун техника чыга тургандай деңгээлде оңдоо (шагыл төгүү), баары биригип болжолдуу 20 км жол);
Дыйкандар алынган түшүмдү, айрыкча алма,кайналы продукцияларын арзан баада сатууга мажбур болуп жатышат, анткени жол начар жана кайсыл жерде сатуу жөнүндө маалымат жетишсиз.
4.2. Мал чарбасы
Мал чарбачылыгы Жалпак-Таш айыл аймагынын жашоочуларынын үй-бүлөлүк кирешесинин негизги булактарынын бири. Мал чарбачылыгынан болгон киреше негизинен малдарды тирүүлөй салмакта сатуудан түшөт. Негизинен жылкы, ири мүйүздүү мал жана кой-эчки багылат.
Айыл аймагындагы калктын малынын саны: ири мүйүздүү малдардын саны 2016-жылы 3890 болуп, өткөн жылкыга салыштырмалуу 5 башка өскөн. Жылкылардын саны 2262 болуп, 2015-жылга салыштырмалуу 59 башка көбөйгөн. Кой-эчкилердин жалпы саны 2016-жылда 16425 болуп, 2015-жылга салыштырмалуу 97 башка өскөн. Мында койлордун саны бир жыл ичинде 191 ге өскөнү менен, эчкилердин саны 94 кө азайган. 2016-жылдагы малдын жалпы өсүү темпи 0,02% ды түздү.
Айыл аймагында 3 ветсервис бар: “Муратбек”, “Өмүрзак” жана “Баймурат”. Үчөө тең айыл өкмөт тарабынан атайын кийимдер, шаймандар менен камсыздалган. Тейлөөсү калкты канааттандырат, вакцинациялар өз убагында болуп турат. Төрт түрдүү эмдөөлөрдүн дарылары бекер берилет: сибирь жарасы, ящур, шарп, бруцеллез. Бирок эмдөөлөрдүн саны малдын санына караганда бир далай аз. Алсак, 2016-жылда ири мүйүздүү малдын 3890, ал эми майда жандыктардын 16425 ге барабар болгон санында булардын бруцеллезго каршы 1310 башы, кургак учукка каршы 219у, чечекке каршы 16225и, ящурга каршы 4532и, сибирь жарасына каршы 5818и эмделген.
Негизинен жашоочулар сүт-азыктарын үй шартында даярдап сатышат – курут, сүзмө, сары май жана кымыз. Акыркы мезгилдерде сүзмө жана кымызды кышкыга сактап пайдаланууга суроо-талаптар көбөйүүдө. Аялдардын арасында үй-шартында продукцияларды сактоо технологиясын өз алдынча үйрөнүп, сактап пайдаланып келгендер да бар. Бирок сактоо технологиясынын сапатына жана коопсуздугуна эч ким кепилдик бере албайт. Ошентсе да суроо-талаптын бар экендигинен бул мүмкүнчүлүктөрдү киреше алуунун кошумча реалдуу мүмкүнчүлүгү катары баалоого болот.
Көйгөйлөр:
- малдын асылдуулугунун төмөндүгү;
- малды жасалма уруктандыруу пункту ачылган, бирок баасы кымбаттыгынан эл колдонбой, алып келинген урук жараксыз абалга келген;
- эт-сүт продукцияларынын баасынын арзандыгы жана кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугу;
- жүн жана тери пайдаланылбайт;
- малдар суу ичүүчү суу кампаларынын жоктугу.
4.3. Бакчылык жана жер-жемиштерди өстүрүү
Айыл аймагынын карамагында 5 гектар аянттагы багы бар, бул бак айыл аймагынын жашочусуна көп жылдык мөөнөткө ижарага жылына гектарына 1000 сом өлчөмүндө берилген. Жалаң алма (жанатан, симеренко), өрүк.
Ар бир жашоочунун там арка участокторунда алма, алмурут, өрүк, кара өрүк сыяктуу бак дарактар эгилет жана ар бир үй-бүлө алардан алган түшүмдөрүн сатып, кошумча киреше алышат. Болжол менен өндүрүлгөн алманын 70-80% сатылат, көп учурда айылдын өзүнөн 15-20 сомдон алып кетишет. Бак-дарактардын өсүүсүнө климаттык шарттар аябай ыңгайлуу, түшүмдүн сапаты жакшы.
Мындан тышкары айыл аймагында дарыланбаган экологиялык таза картошка, пияз сабиз ж.б. өстүрүлөт. Топурактын кыртышы сапаттуу картошка өндүрүүгө мүмкүндүк берет, жашоочулардын көпчүлүк бөлүгү өндүрүлгөн картошкаларын сатып, үй-бүлөлүк кирешесин толукташат. Жашылча-жемиш менен ар бир үй-бүлө өздөрүн толук камсыз кыла алышат.
Жашылча-жемиш менен кыш мезгилинде да өздөрүн камсыздоо, азык-түлүк коопсуздугун чечүү багытында жашоочулардын көпчүлүгүн күнөскана куруу максаты бар, бирок атайын каражаттын жоктугунан жана өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн чектүүлүгүнөн бул максаттар ишке ашпай келет.
5. Өнөр жайы жана калкка кызмат көрсөтүү
Айыл аймактын территориясында үлүл тектүү таштар кени жайгашкан. Бул кен СССР убагынан эле иштетилип келет. Бүгүнкү күндө бул тармакта лицензия алган ишканалардын жалпы саны 53, учурда 15 ишкана иштейт. Алардын өндүрүш көлөмү төмөнкүдөй: “Мраморташ” ЖЧК сы, бул ишкана 2016-жылда 4793,26 м3 мрамор таш өндүргөн. Мындан сырткары “Айлинташ” ЖЯК сы 66,6 м3 таш өндүргөн, ЖЧК “Тереит” 3640 м3 таш өндүрөт, ЖЧК “Чотой” – 2106,36 м3, ЖЧК “Сары-Таш стальконструкция” – 4290,57 м3, ЖЧК “Түз-Белташ” – 3029,1м3, ЖЧК “Акра” – 1922,9 м3, ЖЧК “Туура-Булак” – 2902,5 м3, ЖЧК “Сарыбек-Ата” – 3495,9 м3, ЖЧК “Джува-Хвамайнинг” – 393,3 м3, ЖЧК “Орион” – 3051,4 м3, ЖЧК “Сыман-007” – 4187,2 м3, ЖЧК “Берекеташ” – 33,9 м3, ЖЧК “Альжадит ЛТД” – 274,42 м3 таш өндүргөн. Жалпысынан бул ишканалар тарабынан 2016-жылда 34187,41 м3 таш өндүрүлгөн. Ушул өндүрүлгөн продукциядан айыл өкмөтүнө 6 млн. Сомдон ашуун салык төлөшөт. Айыл аймагында 150-дөн ашуун жүк ташуучу, таш ташуучу жеке менчик авто унаалар иштейт. Алар үлүл тектүү таштарды кайра иштетүүчү ишканаларга казылып алынган таштарды жеткирүү кызматын аркалашат. Ушул тапкан кирешелери менен үй-бүлөлөрүн багып келишет. Бирок бир дагы бул жүк ташуучу унаалар мамлекетке же жергиликтүү бюджекте салык төлөшпөйт.
Мындан сырткары бул ишканалар айыл аймагынын инфраструктурасын көтөрүүгө кошумча түрдө жардам берет. Атап айтканда 2016-жылда Үч-каптал айылында автоунаа өтүүчү көпүрө курууга жардам берген, көчкү басып калган негизги жолдорду ачууга көмөк көрсөткөн, Үч-Каптал айылын 7 км жерден таза суу менен камсыз кылышкан.
Экологиялык жактан зыян келтиргени байкалган жок.
Таш өндүргөн ишканалар мындан сырткары айыл аймагындагы жакыр үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп турушат. Мындай үй-бүлөлөрдүн тизмеси айыл өкмөтү тарабынан ар бир ишканага бекитилип берилген.
Кызмат көрсөтүү жаатында айыл өкмөтүндө 10 го жакын күркөлөр (камок), 3 тегирмен, 1 май куйуучу жай иштешет.
Көйгөйлөр:
Менчик автоунаалардын көбөйгөндүгү СТО пункттарын ачуу зарылдыгын шарттап жатышат. Бул багытта Кара-Тарык жана Түз-Бел айылдарында ушул багытта аракеттер көрүлүп жатат.
6. Инвестицияларды тартуу
2016-жылда тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 129900,4 миң сом болду, бул 2015 жылга салыштырмалуу 172%га көп (2015-жылда 75522,7 миң сом болгон). Мунун ичинен ички инвестициялар 7545,0 миң сом болсо, сырткылары 122355,4 миң сом болуп, тиешелүү түрдө 5,8% жана 94,2% ды түздү. Инвестициялардын 2016-жылдагы өсүүсү жолдун, мектептин курулушунун эсебинен болду.
7. Социалдык чөйрөнүн абалын талдоо.
7.1. Билим берүү:
Айыл аймагында 6 орто жана 2 башталгыч мектептер иштейт. Бул мектептердин экөөсүндө спортзал бар, экөөсүндө курулуп жатат. 5 мектеп компьютердик класстар менен камсыз кылынган, бирок интернетке уланган эмес.
Айыл аймагындагы мектептердеги балдардын билим деңгээли жакшы абалда. Бүтүрүүчүлөрдүн ичинен Жалпы республикалык тесттен 110 баллдан жогору балл алган окуучулардын саны 30-35%ды түзөт.
Мугалимдердин жалпы саны 143, булардын 87 аял кишилер, 56 сы эркектер. Мугалимдердин ичинен 20 сы Билим берүүнүн отличниктери наамынын ээлери.
Жогорку тоо зонасы катары алынгандыктан, мугалимдерден эркектер 55 жаштан, аялдар 45 жаштан пенсияга чыгышат. Ушул себептүү мугалимдердин 70% дан ашуун бөлүгүн жаш адистер түзүшөт.
Көйгөйлөр:
Орус тили, чет тили, физика, химия мугалимдери жетишпейт;
Спорт залдардын жетишсиздиги;
Интернеттин жоктугу;
Компьютерлердин эскилиги, жетишпестиги
7.2. Мектепке чейинки тарбия берүү
Айыл аймагы боюнча Курбу-Таш жана Түз-Бел айылдарында бала бакчалары бар. Курбу-Таш айылындагы 7 жашка чейинки 180 баланын ичинен бала бакчада 50 бала тарбияланып жаткан. Бирок 2017-жылдагы көчкүнүн айынан бул бакча убактылуу иштебей калды.
Ал эми Түз-Бел айылында 7 жашка чейинки балдардын саны 278 болуп, алардын ичинен 53 бала бала бакчаларда тарбия алып жатышат. Бул бул айылдагы балдардын 19,1%ын түзөт. Бала бакчанын жабдылышы жакшы деңгээлде, бардык шарттар түзүлгөн.
Боз-Ала участкасында кайрадан 40 орундуу бала бакча салынуусу пландаштырылган.
Көйгөйлөр:
бала бакчалардын саны жетишпейт;
7.3. Саламаттыкты сактоо
Айыл аймагынын 5 айылында (Курбу-Таш, Киров, Кара-Тарык, Ак-Терек, Үч-Каптал) ФАПтар курулган жана иштейт. Булардын баарынын абалы жакшы, жаңыдан курулган жана капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Мындан сырткары 4 жатак орундуу ГСВ Түз-Бел айылында иш алып барат.
Жогорку билимдүү врачтардын саны – 1, педиатр. Акушерлер – 4, фельдшерлер – 8, мед айымдардын саны – 10 адам, 1 тиш техниги бар. Стоматолог, терапевт, гинеколог врачтар жетишпейт. Иштөөгө шарт оор, айлык аз, заманбап куралдар жок.
Айыл аймагында каттоодо турган, туберкулез менен ооругандардын саны – 5 адам, кант диабети менен ооругандар – 28, СПИД – жок, бруцеллез – жок.
2016-жылда 1 жаштан 5 жашка чейинки 724 бала акушерлердин көзөмөлү астында болушту. Ушул эле жылда төрөткө жарамдуу аялдардын саны 1257 адам болду.
Көйгөйлөр: Азыркы учурдагы эң чоң көйгөй – бул жогорку билимдүү врачтардын жоктугу жана окуу жайды бүткөн адистердин айылга келбей жаткандыгы.
7.4. Жумуш менен камсыз болуу.
Айыл аймагы боюнча 5489 эмгекке жарамдуу калктын 4413 адамы (80,4%) жумуш менен камсыз болгон. Булардан сырткары атайын каттоодо турган жумушсуздардын саны 15, 2017- жылы жумушсуздук үчүн жөлөк пул алгандардын саны 127 адамды түзгөн, анткени аймакта көчкү жургөндүгүнот байланыштуу, жумушсуз деп катттодон өткөрүп жөлөк пул берүү чечеими Өкмөт тарабынан чечилген. Жакырчылыктын деңгээли 2015-жылда 11% болгон болсо, 2016-жылы 9%га тең болду. 2017-жылда бул көрсөткүчтү 8% өлчөмүнө түшүрүү пландаштырылган.
Айыл аймагынынын тургундарынан 130 адам аймакта жайгашкан үлүл тектүү таш өндүрүү ишканаларында иштешет. Орточо айлык акылары 12000 сомдун айланасында.
7.5. Спорт жана жаштар саясаты
Жаштар саясаты боюнча айыл өкмөттө атайын адис жок. Бирок жаштардын иши үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Райондук, областтык деңгээлдеги спорттук мелдештерге жаштар катышат, айыл өкмөтү каржылык колдоо көрсөтөт.
Спорт аянтчалары мурда болгон, азыркы учурда алар иштетилбей калды. Айыл аймагындагы Курбу-Таш айылындагы спорт-комплекс (жайкы, кышкы, бассейини менен) – көчкү алдында калган.
7.6. Миграция
Айыл аймагы боюнча бүгүнкү күндө 102 адам ички жана сырткы миграцияда жүрүшөт. Булар айыл аймагындагы эмгекке жарамдуу калктын 1,9%ын түзөт. 2016-жылда миграциядан кайткандардын саны болсо 74 болду. 2015-жылга салыштырмалуу миграцияга чыккандардын саны 23 адамга, же болбосо 29,1%га көбөйгөн. Миграциянын көлөмүнүн төмөн болуусу, таш өндүрүү ишканаларына байланыштуу экени баарына маалым.
7.7. Социалдык коргоо.
Айыл аймагындагы пенсия жашындагылардын саны 562 адам. Жөлөк пул берилген балдардын саны 127. Мындан сырткары социалдык жөлөк пул алган 70 адам бар, алардын ичинен 16 жашка чейинкилердин саны – 25 адам.
Өтө жакыр жана жакыр үй-бүлөлөрдүн саны тиешелүү түрдө 57 (3,7%) жана 69 (4,6%) кожолук. Айыл өкмөтү тарабынан булардын тизмеси такталып, үлүл тектүү таш өндүрүп жатышкан ишканаларга аларга жардам көрсөтүүсү милдеттендирилип, бөлүнүп берилген.
7.8. Ичүүчү суу менен камсыз болуу жана гигиена
Айыл аймагы ичүүчү суу менен 92% камсыз кылынган. Бүгүнкү күндө бул тармакта 1 гана Түз-Бел СОВП сы иш алып барат. Суу тазалоочу 1 кампа бар, бирок суу тазалоо иштери жүргүзүлбөйт. Элдин катмарында суунун тазалыгынын айынан инфекциялык оорулардын пайда болуу коркунучу бар.
7.9. Жарыктандыруу(электроэнергия)
Айыл аймагында бардык айылдар электр энергиясына туташтырылган, бирок жарыктандыруу маселеси жакшы жолго коюлган эмес. Бүткүл айыл аймагы боюнча 95 даана жол чырагы орнотулган.
Айыл өкмөттүн аймагында жалпысынан 21 трансформатор азыркы учурда иштеп жатат. Бирок электр чубалгыларынын жана мамыларынын дээрлик баары эскирген, авариялар көп болуп турат. Булар Союз учурунда, 1966-жылы курулган бойдон.
Көйгөйлөр:
Электр мамычалары толук эскирген, 34 км аралыктагы электр мамыларын жана зымдарын жаңылоо зарыл.
7.10. Инфраструктура (жол, көпүрө)
Айыл аймагындагы ички жолдордун жалпы узундугу 80 км, мунун ичинен 24 мамлекеттик деңгээлдеги, 56 км ички жолдор. Жолдордун азыркы учурдагы абалы канааттандыраарлык деңгээлде, себеби негизги жол болгон Үч-Каптал айылына баруучу жол ошол айылда үлүл тектүү таш казып алуу боюнча иш жүргүзгөн ишканалар тарабынан жана Куршаб ДЭП ишканасы тарабынан жыл сайын оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп турат. Ошону менен бирге оңдоону талап кылган жолдор да жок эмес. Атап айтканда Айыл аймагындагы Курбу-Таш айылындагы 1 км жол 540 миң сомдук оңдоп-түзөөгө муктаж.
Көйгөйлөр
көчкү баскан жолдорду калыбына келтирүү маселеси;
8. Гендердик саясатты жүргүзүүнүн абалы.
Айыл аймактын жергиликтуу өзүн-өзү башкаруу тутумунда гендердик саясатты жакшы колго алынбагандыгы көрүнүп турат. Себеби, жергиликтүү кеңештин курамында 1 аял, ал эми айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин курамында бир дагы аял жок. Айылдык кеңештин курамындагы депутат аял социалдык коргоо боюнча комиссиянын мүчөсү. Ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда аял затынын талапкерлигин колдоого алуу боюнча айыл аймакта иш аракеттер жүргүзүлбөгөн деген тыянакка келүүгө болот.
9. Экологиялык абал
9.1. Өзгөчө кырдаалдар абалы
Айыл аймагынын рельефи бөксө тоолуу, боз топурак. Антропогендик факторлордун негизинде жердин кыртышы начарлаган, жер көчкүлөргө өбөлгө түзгөн.
2017-жылда 1023 га жерде көчкү жүргөн. Мунун негизги себептеринин бири – тоо боорунда чыккан булактардын көзү жабылып, тоолордун ичине сиңип кеткендиги. Көчкү коопту жерлер көп, буга адистерди, Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин кызматкерлерин тартуу менен толук кандуу экологиялык баа берүү керек.
Көчкү коркунучунун алдын алуу үчүн жашылдандыруу, токой тилкелерин олтургузуу зарыл. Алдын ала берилген баага ылайык айыл аймагындагы 500 га жерге токой тилкелерин, көбүнчө жаңгак, мисте, бадам дарактарын олтургузуу керек. Бул багытта элдин демилгеси бар, бирок дарамети жана мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Олтургузулган бактардын өнүп кетүүсү үчүн тамчылатып сугарууну уюштуруу зарыл.
Көйгөйлөр:
Айыл аймагындагы 500 га жерге жаңгак, мисте, бадам токой тилкелерин олтургузуу зарыл.
9.2. Сугат суусу менен камсыз кылуу
Айыл аймагында атайын сугат суу менен камсыз болгон талаалар жок. Ошондой болсо да сугат системасын жок деп айтууга болбойт. Алсак, айыл аймагы боюнча 25 км узундуктагы арык чабылган, бирок мунун эч бир жери лоток же монолиттүү бетондолгон эмес. Бирок көпчүлүк талааларга суу жеткирилсе, алардын түшүмдүүлүгү арта тургандыгы бул көйгөйдү чечүүнү шарттайт.
Көйгөйлөр:
Талааларга суу жеткирүү.
9.3. Таштандыларды чыгаруу жана жок кылуу
Башка көпчүлүк айылдар сыяктуу эле Жалпак-Таш айыл аймагынын айылдарында таштанды чыгаруу маселеси каралган эмес. Бирок таштандылардын түрү жылдан жылга көбөйүүдө жана алардын табигый жол менен чирибөөсү аларды чогултуп жок кылуу зарылчылыгын пайда кылууда. Таштанды таштоо жайынын жана жарандардын маданий аң-сезиминин төмөндүгүнөн таштандылар ар жерде төгүлүп жатат.
Көйгөй:
ар бир айылга таштанды чыгаруу үчүн чуңкурларды даярдоо керек.
Жалпак-Таш айыл аймагынын келечектеги элеси
Жалпак-Таш айыл аймагы – бул жагымдуу социалдык-экономикалык инфраструктурага ээ болгон, экологиялык жактан коопсуз, бак-дарактуу жашыл аймак. Анын жашоочулары көптөгөн кайра иштетүү ишканаларында эмгектенишет, жакшы кирешеге жана мыкты ден-соолукка ээ.
СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТЫ:
2020-жылда Жалпак-Таш айыл аймагынын мал-чарбасын, талаачылыкты жана бакчылыкты 10% өнүктүрүү аркылуу калктын социалдык-экономикалык абалы жакшыртуу, жашоочулардын коопсуз жашоосу үчүн КР нын ӨКМ менен биргеликте жүргүзүлүүчү иш-чаралар аркылуу өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен болуучу тобокелдер (сел агымдары, көчкү жүрүулөр) минималдаштырылат.
ӨНҮГҮҮНҮН АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТТТАРЫ:
1. Экономикалык жактан пайдалуу айыл чарбасын өнүктүрүү;
2. КР ӨКМ менен биргеликте өзгөчө кырдаалдардын натыйжаларынын алдын алуу жана калктын жашоосу үчүн коопсуз шарттарды түзүү боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү;
3. Айыл аймагында жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана социалдык инфраструктураны жакшыртуу.
Өнүгүү моделин тандоодо жергиликтүү коомчулуктун өнүгүүсүнүн анык маселелерин чечүүнүн максаттуу долбоорлорун иштеп чыгууга негизделген долбоорлук-максаттуу ыктоо пайдаланылды. Ар бир артыкчылыктуу багыт боюнча чечилүүсү керек болгон айрым долбоорлорду калыптандырууну жана ишке ашырууну көздө туткан бир катар маселелер иштелип чыгылат.
СТРАТЕГИЯЛЫК МИЛДЕТТЕР:
1. АРТЫКЧЫЛЫК. Экономикалык жактан пайдалуу айыл чарбасын өнүктүрүү.
1.1. Малдын асыл тукумдуулугун жакшыртуу.
Асыл тукумдуу малдын артыкчылыгы жана аны көбөйтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
Асыл тукум малдар боюнча көргөзмөлүк иш-чараларды уюштуруу;
Малдардын асылдуулугун жакшыртуу боюнча адистерди кайрадан квалификациялоо жана алардын потенциалын күчөтүү;
Жасалма уруктандыруу пунтктунун ишин жандандыруу жана табигый куут пункттарын уюштуруу;
1.2. Жайыттарды натыйжалуу пайдалануу
Алыскы жайыттарды пайдалануу боюнча калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
Ички жайыттардын деградацияга кабылуу коркунучу бар бөлүктөрүнөн пайдаланууга чектөөлөрдү коюу менен алардын сапатын жакшыртуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;
Ички жайыттардын түшүмдүүлүгүн арттыруу үчүн көп жылдык чөптөрдүн аянтын андан ары кеңейтүү;
Курбу-Таш айылында кой кыркым пунктун уюштуруу жана жүндү кайра иштетүүчү цех ачуу;
Айыл аймагынын ар бир айылында малдар үчүн суу кампаларын куруу.
1.3. Ветеринардык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу
Паразитттик оорулардын алдын алуу үчүн “киринтүүчү ваннаны” уюштуруу;
Малдын асыл тукумдуу түрлөрүн кароо, жемдөө, көбөйтүү боюнча ветеринарлардын потенциалын жогорулатуу;
Айыл аймагынын жогорку жана ылдыйкы зоналарында 2 “Беккер” чуңкурларын куруу.
1.4. Талаачылык жана бакчылык продукцияларынын сапатын жакшыртуу жана көлөмүн көбөйтүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо
Дан эгиндеринин сапаттуу жана түшүмдүү сортторун эгүүнүн артыкчылыгы жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
Киров, Кара-Тарык, Боз-Ала Үч-Каптал, Түз-Бел, Ак-Терек, Карл Маркс айылдарындагы 20 км талаачылык чарбалык ички жолдорун техника чыга тургандай деңгээлде шагыл төшөп оңдоо;
Өндүрүлгөн жер-жемиштердин жана мөмө-жемиштердин кирешелүүлүгүн арттыруу үчүн чакан жеке чарбаларды кооперативдерге бириктирүү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
Кыш мезгилинде калкты жашылча-жемиштер менен камсыз кылуу үчүн Курбу-Таш, Түз-Бел, Үч-Каптал жана Киров айылдарында күнөсканаларды куруу.
2-АРТЫКЧЫЛЫК. КР ӨКМ менен биргеликте өзгөчө кырдаалдардын натыйжаларынын алдын алуу жана калктын жашоосу үчүн коопсуз шарттарды түзүү боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү.
2.1. Жаратылыштык катаклизмдерди профилактикалоо боюнча иш-чаралардын комплексин өткөрүү:
Калк арасында ӨКМ менен биргеликте өзгөчө кырдаалдардын натыйжаларынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрүү;
ӨКМ кызматкерлеринин жана эколог-адистердин катышуусу менен көчкү коопту жерлердин картасын түзүү;
Аталган адистердин жардамында көчкүнүн алдын алуу боюнча иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу;
Көчкү коопту 500 га жерлерге токой тилкелерин олтургузуу.
3-АРТЫКЧЫЛЫК. Айыл аймагында жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана социалдык инфраструктураны жакшыртуу.
3.1. Калкка муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын жакшыртуу.
Калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын стандартарын иштеп чыгуу жана бекитүү.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн процедураларын, жумушчу жараяндарын жөнөкөйлөтүү, административдик регламенттерди иштеп чыгуу/бекитүү
Кызмат көрсөтүүлөрдүн документациясын жана инфраструктурасын кызматтардын стандарттарына ылайык келтирүү (кызматчылардын иш милдеттерин, инструкцияларды, укуктук-ченемдик актыларды жазып чыгуу, маалыматтык стенддерди, бөлмөлөрдү даярдоо ж.б.)
ААнын кызматкерлеринин потенциалын көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча көтөрүү үчүн окууларды уюштуруу
Кызматтардын сапатын ички көзөмөлдөө тутумун иштеп чыгуу/бекитүү
Жергиликтүү коомдун мүчөлөрүн кызматтардын сапатын жана мониторингин жакшыртууга тартуу боюнча маалыматтык кампания өткөрүү
3.2. Калкты тейлөө инфраструктурасын өнүктүрүү, ичүүчү суунун тазалыгын жана санитардык коопсуздукту камсыз кылуу:
Кара-Тарык жана Түз-Бел айылдарында Техникалык тейлөө станцияларын (СТО) ачуу;
Суу тазалоочу кампаны реконструкциялоо;
Курбу-Таш айылындагы көчкүнүн айынан иштен чыккан 2,5 км узундуктагы таза суу түтүктөрүн реконструкциялоо;
Ичүүчү суу үчүн орнотулган тариф боюнча акча чогултуунун жакшыртуу боюнча түшүндүрүу иштерин жүргүзүү.
3.3. Айыл аймагындагы жол тутумун жана электр энергиясы менен камсыз кылуунун абалын жакшыртуу
Бүткүл айыл аймагы боюнча 34 км аралыктагы электр мамыларын жана зымдарын жаңылоо;
Курбу-Таш айылындагы 1 км жолду оңдоо;
3.4. Социалдык объекттердин инфраструктурасын жакшыртуу.
Киров жана Кара-Тарык айылдарындагы мектептерде спорт залдарын куруу;
Курбу-Таш айылындагы мектеп менен спортзалдын курулушун улантуу;
Айыл аймагындагы 6 орто мектептердин компьютердик класстарын жаңылоо;
Үч-Каптал айылында 50 орундуу бала бакча куруу;
Курбу-Таш айылында жаңы ФАП куруу;
Курбу-Таш жана Үч-Каптал ,Туз-Бел айылдарында спорткомплекстерди куруу.
КҮТҮЛҮҮЧҮ НАТЫЙЖАЛАР
1. Калктын мал чарбачылыгы, талаачылыгы жана бакчылык менен алектенишкен бөлүгүнүн кирешеси жыл сайын 4%га өсөт;
2. Айыл аймагында кошумча ишканалар жана жумуш орундар түзүлөт;
3. Жаратылыштык катаклизмдердин натыйжаларын төмөндөтүү боюнча превентивдүү иш-чаралар жүргүзүлөт;
4. Социалдык мекемелерде шарттар жакшырат, жаңы объекттер курулат;
5. Айылдар арасындагы ички коммуникация жана электр энергиясы менен камсыздоонун абалы жакшырат.
ТОБОКЕЛДЕРДИ БААЛОО
Стратегияны ишке ашырууда пайда болуусу мүмкүн болгон тобокелдер:
Кызыкчылыктардын төмөндүгү;
Жергиликтүү бюджет, донорлор жана фермерлер тарабынан каржылоонун чектүүлүгү;
Стратегиянын иш-чараларын уюштуруунун жана ишке ашыруу жараянын башкаруунун натыйжалуу эместиги;
РЕСУРСТАРДЫ БААЛОО
Стратегиялык планды ишке ашыруу үчүн каржылык керектөөлөрдү баалоо жүргүзүлүп, Инвестициялык долбоорлордун планы иштелип чыгылды. Стратегиялык пландын маселелерин чечүүдө эл аралык долбоорлор жана программалар чоң колдоо көрсөтүшөт. Каржылоо жергиликтүү жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен, ошондой эле жергиликтүү ишкерлердин жана фермерлердин ичинен кызыкдар болгондорунун каражаттарынан ишке ашырылат.
МОНИТОРИНГ ЖАНА БААЛОО
Мониторинг жана баалоо үчүн маалымат булактары болуп сурамжылоонун натыйжалары, көз карандысыз баалоо жана жолугушуулардагы жана айылдык чогулуштардагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун отчету саналышат.
Мониторингдин жана баалоонун натыйжалары Стратегияны түзөтүү, жаңы идеяларды издөө, ресурстарды рационалдуу пайдалануу үчүн пайдаланылат.
Планды ишке ашыруунун мониторингинин жана баалоонун натыйжалары бул ишке тартылган бардык катышуучулар жана кызыкдар топтор үчүн жеткиликтүү болот.
Мониторинг жана баалоо боюнча стратегиялык маселелерди чечүү үчүн индикаторлордун матрицасы иштелип чыгылды, алар ченелүүчү жана анык-айкын көрсөткүчтөр менен камсыз кылынган.
|
№ | Аткарылуучу иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар | Каржылоо булагы
|
Уюштуруу жана практикалык иш-чаралар | ||||
1 | Айыл өкмөтүнүн башчысынын,айылдык кеңештин депутаттарынын жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды уюштуруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмотүнүн башчысы,айылдык кнештин депутаттары |
|
2 | Айылдык кеңештин сеесиялары жана туруктуу комиссиялардын отурумдарын уюштуруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,кенештин төрагасы |
|
3 | “Жаны доорго кырк кадам” Улуттук стратегиянын алкагында иш-чараларды аткаруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,мекеме уюмдун жетекчилери | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар |
4 | Коомдук тартипти сактоо жана айыл аймагындагы коомдук борборлордун ишин жакшыртуу( аксакалдар сотунун,аялдар кенешинин,жашатар кенешинин,КАБдын) | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,коомдук борборлор | Жергиликтүү бюджет |
5 | Айыл аймагындагы каттоодон өтпөй тураган мечиттерди каттоодон өткөрүү | 2018-жыл | Айыл өкмөтү,мечиттердин имамдары | Жергиликтүү бюджет |
6 | Жергиликтүү бюджеттин кабыл алынышы жана аткарылышы боюнча коомдук угууларды уюштуруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,айылдык кенеш | Жергиликтүү бюджет |
7 | Айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жогорулатуу үчүн маалыматтык жана комуникациялык тохнологияларды кеңири пайдалануу боюнча чараларды аткаруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
8 | Айыл аймагын корктондуруу жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларду откоруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,мекеме уюмдун жетекчилери,жергиликтүү калк | Жергиликтүү бюджет,жеке ишкерлер |
9 | Жазгы,кузгу,оруп жыйноо иштерин уюштуруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,жергиликтүү жамаат | Жеке ишкерлер |
10 | Күз-кыш мезгилдерине даярдыктарды көрүү,бюдеттик мекемелериди отун менен камсыздоо | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,бюджеттик мекемелердин жетекчилери | Жергиликтүү бюджет |
11 | Жергиликтуу калкка муниципалдык кызмат корсотуулорду жакшыртуу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
12 | Айыл аймагында каада-салттарды,ырым-жырымдарды жөнгө салуу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,жергиликтүү жамаат | Жергиликтүү бюджет |
13 | Айыл аймагындагы кара малдарды идентификациялоо иштерин жүрүзүү | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,вет сервистер | Жергиликтүү бюджет,жеке фермерлер. |
14 | Маданий иш-чарларды откоруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
| Экономика | |||
15 | Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн финансылык көз карансыздыгын жогорулатуу; - жергиликтүү бюджеттин киеше бөлүгүн жыл сайын 1 мил.сомго чейин көбөйтүү | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
16 | Жаны жумушчу орундарды түзүү; -2018-2020-жыл ичинде жылына 20 дан кем эмес жаңы жумуш орундарын түзүү | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,ишканалар | Жеке ишкерлер |
17 | Айыл аймагынын дүн продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү,
| 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,жеке ишкерлер | Жеке ишкерлер |
| ||||
18 | Сары-Таш таш кениндеги өндүрүлүүчү таштын көлөмүн көбөйтүү | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,ишканалар |
|
19 | Айыл аймагындагы Сары-Таш таш кенинде 2 таш казучу ишкана жана Туз-Бел айылына бир таш кесүүчү цех ачуу
| 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр | Жеке ишкерлер |
20 | Энергетика жана байланыш | |||
21 | Айыл аймагында эскилиги жеткен мамычаларды жана электр чубалгыларын алмаштыруу:
| 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,жергиликтүү жамаат,демөөрчүлөр | Жергиликтуу жана республикалык бюджет |
22 | 2017-жылдын жергиликтуу бюджеттин эсебинен сатылып алынган 100 дана электр мамычалырды орнотуп, пайдланууга беруу | 2018-жыл | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
23 | Ак-Терек,Түз-Бел,Үч-Капал айылдарына интернет байланышын күчөтүү үчүн айыл аймагыныдагы Кароол-Дөбө участкасындагы МЕГАКОМ жана “Нур телеком” ишканасынын “О” стацияларына 3 G аппаратын коюу | 2018-жыл | Айыл өкмөтү | Нер телеком жана Мегаком компанияларынын эсебинен |
24 | Айыл аймагындагы калктуу конуштарын телерадиоберүүлөрүнүн програмалары менен толук камтууну камсыздоо | 2018-жыл | Айыл өкмөтү | Республикаылк бюджет |
25 | Курбу-Таш айылынын Сасык-Булак,Карл Маркс айылынын Кызыл-Күнгөй участкаларына,Киров айылындагы жаңы конушка,Кара-Тарык айына трансформатор орнотуу жана чубалгыларын тартуу | 2018-2019-жылдарда | Айыл өкмөтү,РЭТ ишканасы | Республикаылк бюджет |
26 | Киров,Курбу-Таш,Кара-Тарык айылдарын Түз-Бел көмөкү чордонуна улаштыруу жана э | 2018-2019-жылдарда | Айыл өкмөтү,РЭТ ишкана сы | Республикаылк бюджет |
27 | Кароосуз трансформаторлорду Өзгөн РЭТ ишканасынын балансына өткөрүү | 2018-жыл | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
| Айыл чарба жана ветеринария боюнча | |||
28 | Айыл аймагындагы айдоо жерлерди максаттуу пайдалануу | дайыма | Айыл өкмөтү,жеке чарбагерлер | Жеке ишкерлер |
29 | Үч-Капчал айылын пилоттук айыл кылып киргизип,айыл чаба жерлерине инвентаризация жүргүзүү | 2018-2019-жылдарда | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
30 | Жайыт комитетинин ишин , жайыттарды жакшыртуу жана жакынкы жайыттарга баруучу жолдорду ондоо-түзөө | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,Жайыт комитети | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар |
31 | Мал жандыктары үчүн суу ичүүчү кампаларды куруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,Жайыт комитети | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар |
32 | Жер тилкеге муктаждарды турак-уй менен камсыздоо максатында ынгайлуу жер аянттарын трансформациялоо | 2018-2019-жылдарда | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
33 | АРИС,ПРООН чакан долбоор проектисинин негизинде сүттү,жүндү кайра иштетүүчү ачуу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар,жеке ишкерлер |
34 | Айыл аймагында ветеринардык эпизоотиялык абалды сактоо (сибир жарасынын чордондорун заласыздандыруу,жугуштуу оорулардын алдын алуу,жобул ит-мышыктарды атып жок кылуу.вет.сервистердин иштерин жакшыруу жана аларды бир жолу атайын кийим менен камсыздоо ж.б.) | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,вет сервистер | Жергиликтүү бюджет |
35 | Айыл аймагындагы мал жандыктардын өлүмтүктөрүн заласыздандыруу үчүн бирден кем эмес беккер (чункур) жана раскол (кара мал,жылкыларды эмдөөчү жай) куруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар |
36 | Кара малдарды жасалма жол менен уруктандуруучу аппаратты ишке киргизуу (жылына кеминде 10 баш асыл тукумдуу музоолорду алуу) | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,вет сервистер | Жергиликтүү бюджет |
37 | Майда жандыктарды киринтүүчү жай (мончо) куруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,демөөрчүлөр | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар |
38 | Күнөсканаларды куруу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүрүгүзүү жана аны уюштуруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,демөөрчүлөр,демөөрчүлөр | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар |
39 | Айыл аймагындагы отоо чөптөрдү (партан,ат кулак,мишал) жок кылуу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,жамаат | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар,жеке ишкерлер |
| Инфраструктураны жакшыртуу | |||
40 | Айыл аймагындагы суу пайдалануучулар бирикмелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана суу пайдалануучулар бирикмелерин түзүү | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
41 | Түз-Бел таза суу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү | 2018-2019-жылдарда | Айыл өкмөтү,ПРООН | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар |
42 | Кара-Тарык айылындагы таза суу системасынын каптажын,бактерологиялык кампасын жана резеруар куруу | 2018-2019-жылдарда | Айыл өкмөтү,ПРООН | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар |
43 | Айыл аймагындагы таза суу жетпеген конуштарга таза суу маселесин чечүү.
| 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр, жергиликтүү жамаат | Жергиликтүү бюджет, |
44 | Кара-Тарык айылындагы ФАПтын санитардык абалын жашыруу жана Туз-Бел таза суусунун бактерологиялык,суу кампасынын курулушун буткоруу жана аларды ишке беруу | 2018-жыл | Айыл өкмөтү,ПРООН | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар |
45 | Киров айылындагы ФАптын айланасын бетондоо | 2018-жылдарда | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
46 | Айылдардагы ичики чарбалык жолдорго шагыл төшөө,сүрүп тегиздөө,ичики жолдорду жакшыртуу;
| 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,жергиликтүү жамаат,демөөрчүлөр | Жергиликтүү бюджет |
47 | Кысык-Алма-Киров айылдарына өтүүчү “Эрмекбай ата” көпүрөсүн коопсуз абалга келтирүү | 2018-жылдарда | Айыл өкмөтү,жергиликтүү жамаат,демөөрчүлөр | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар |
48 | Айыл аймагындагы калктуу конуштарды жана көчөлөрдү, айыл аймагына кире беришиндеги Арканы жарыктандыруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
49 | Киров айылынын Алча-Башат участкасындагы таза-суу тутүгүн капиталдык ремонттон өткөрүү | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,жамаат | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар |
50 | Ак-Терек айылына 1 км аралыкка агын суу түтүгүн тартуу | 2018-жыл | Айыл өкмөтү,жамаат | Жергиликтүү бюджет |
51 | Куршаб-Жалпак-Таш автожолунун Кысык-Алма жана Түз-Бел айылдарын аралап өтүүчү жолду асфальттоо | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү | Республикалык бюджет |
52 | К.Клмурзаев отындагы орто мектепке окуучулар баруу учун Боз-Ала айылына сокмо жол жасоо | 2018-жыл | Айыл өкмөтү,жамаат | Жергиликтүү бюджет |
53 | Айыл аймагында акыр-чикирлерди, таштандыларды,суюктук чыгындыларын жайгаштуруу үчүн жер аянттарын даярдоо | 2018-2019-жылдарды | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет. |
54 | Курбу-Таш айылынын Черемушка айылына чарбалык жол куруу | 2018-жыл | Айыл өкмөтү,жамаат | Жергиликтүү бюджет |
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу | ||||
55 | Кооптуу аймактарда,участоктордо такай көзөмөл жүргүзүү,өзгөчө кырдаалдын алдын алуу боюнча калк арасында түшүндурүү иштерин жүргүзүү,райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен тыгыз байланышты камсыз кылуу | дайыма | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
56 | Айыл аймагында түзүлгөн куткаруучу топтордун материалдык-техникалык абалын жакшыртуу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар |
57 | Айыл аймагында көчку коркунучу бар жерлерде жашаган үй-бүлөлөрдү коопсуз жерге чыгаруу жана түшүндүрүү иштерин такай жургүзүү | 2018-жыл | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
58 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу,кесепеттерин жоюу,өзгөчө кырдаалдарга даяр туруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,айылык кеңеш | Жергиликтүү бюджет |
59 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында кооптуу участкаларга бадам,жаңгак көчөттөрүн отургузуу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет, донордук уюмдар, жеке ишкерлер |
Турак-жай жана комуналдык чарба | ||||
60 | Ак-Терек айылындагы П.Жакыпов атындагы орто мектебинин жаны имаратынан курулушун пайдаланууга беруу | 2018-жыл | Айыл өкмөтү,мектеп жетекчиси | Республикалык бюджет |
61 | Т.Оморкулов атындагы орто мектебинин жаны имаратынын куруулушун баштоо | 2018-2019-жылдарда | Айыл өкмөтү,мектеп жетекчиси | Республикалык бюджет |
62 | Кысык-Алма орто мектебинин жана Киров айылындагы балдар бакчасынын имаратынын курулушун бүткөрүп,ишке берүү | 2018-2019-жылдарда | Айыл өкмөтү,ишканлар | Жергиликтүү бюджет |
63 | Курбу-Таш айылына ФАП куруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,демөөрчүлөр, | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар |
64 | Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн кенсесинин имаратын капиталдык ремонттон откоруу жана техникалык базасын чындоо,бирдиктүү терезе уюштуруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
65 | Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн кенсесине маалымат доскасын уюштуруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
66 | Айыл аймагындагы социалдык мекемелеринин чарбылык иштерине колдоо көрсөтүү | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
67 | Туз-Бел айылындагы ГСВ№11 ооруканасынын 2-кабатын каптиталдык ремонттон откоруу | 2018-2019-жылдарда | Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар |
68 | Т.Турдубаева орто мектебинин санитардык абалын жакшыртуу | 2018-2029-жылдарда | Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар |
69 | К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин имаратын бүткөрүү жана аны ишке киргизүү | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,мектеп жетекчиси | Республикалык бюджет |
70 | Т.Ташмаматов атындагы башталгыч мектебинин имаратын куруу учун курулушуна долбоор жасоо | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,мектеп жетекчиси | Жергиликтүү бюджет, |
71 | Т.Тудубаева атындагы орто мектебинин жылытуу системасын катуу көмүр отун менен жылытууга өткөрүү | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,демөөрчү,мектеп жетекчиси | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар |
72 | Т.Жоробеков атындагы орто мектебинин имаратына долбоор жасоо жана аны куруу үчүн иш-аракеттерди көрүү | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү | Республикалык бюджет,жергиликтуу бюджет |
73 | Түз-Бел балдар бакчасынын ички ремонтун жасоо,жайкы кухня куруу | 2018-2019-жылдарда | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет, |
74 | Үч-Капчал айылына 60 орунду бала бакча куруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,демөрчүүлөр | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар, жеке ишкерлер |
75 | Үч-Капчал айылына 8 орундуу мончо куруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,демоорчүлөр, жамаат. | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар, жеке ишкерлер |
76 | Кара-Тарык айылына 60 орундуу бала бакча куруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү, демоорчүлөр, жамаат. | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар, жеке ишкерлер |
77 | Түз-Бел жана Кара-Тарык айылдарына авто унаа ондоочу устакана ачуу. | 2018-2019-жылдарда | Айыл өкмөтү,жамаат АРИС,ПРООН | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар, жеке ишкерлер |
78 | Ак-Терек айылына 60 орунду бала бакча куруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү, демоорчүлөр, жамаат. | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар |
Социалдык өнүгүү | ||||
79 | Жакырчылык деңгээлин кыскартуу максатында жакыр үй-бүлөрдү кризистик абалдан чыгаруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр | Жергиликтүү бюджет жеке ишкерлер |
80 | Айыл аймагындагы билим беруу мекемелерине келип,эмгектенген жаш мугалимдерге,балдар бакчасындагы тарбиячыларына КРнын мыйзамдарында белгилеген кепилдиктерге ылайк колдоо көрсөтүү | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет, |
81 | Айыл аймагындагы орто мектептерди компьютердик класстарын жанылоо жана компьютер менен камсыздоо | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,демөөрчүлөр | Жергиликтүү бюджет, донордук уюмдар, |
82 | Курбу-Таш балдар бакчасын уюштуруу жана анын ишин жандандыруу | 2018-2019-жылдарда | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет, донордук уюмдар, |
83 | Айыл аймагында кургак учук менен ооруган,мумкунчулугу чектелген жарандарга КРнын Мыйзамдарына ылайык жардамдарды корсотуу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
84 | Айыл аймагындагы Улгайган адамдардын,Энелер кунун откоруу жана жалгыз бой,кары адамдарга,ооган согушунун ардагерлерине,баткен коогаланынын катышуучуларына социалдык жактан жардамдарды корсотуу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет, жеке ишкерлер |
85 | К.Калмурзаев атындагы жана Кысык-Алма орто мектептерине интерактивдүү доска сатып берүү жана ички жасалгаларына стенддерди орнотуу,ошондой эле мектептин ашканасын инвентарлар менен камсыздоо | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,демөөчүлөр | Жергиликтүү бюджет, донордук уюмдар, |
Маданият,спорт тармагы | ||||
86 | Курбу-Таш маданият уйунун техникалык базасын чындоо,инвентарлар жана музыкалык аспаптар менен камсыздоо,жылуулук системасын куруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,маданият үйүнүн жетекчиси | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар |
87 | Түз-Бел маданият үйүнүнө жылытуу системасын куруу жана айлансын,ички,сырткы бөлүктөрүн жакшыртуу | 2018-2019-жылдарда | Айыл өкмөтү,маданият үйүнүн жетекчиси | Жергиликтүү бюджет |
88 | Спорту өнүктүрүү максатында жаш спортчуларга колдоо корсотуу жана спорттук залдардын техникалык базасын чындоо. | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар, жеке ишкерлер |
89 | Айыл аймагындагы спортчуларды турдуу мелдештерге катыштыруу учун шарттарды түзүп берүү | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,демөөрчүлөр | Жергиликтүү бюджет, жеке ишкерлер |
90 | Т.Оморкулов аындагы орто мектебиндеги спорттук залдын жылууулук системасын куруу | 2018-жыл | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
91 | “Курбу-Таш” китепканасын жаны китептер менен камсыздоо жана китепкананы капиталдык ремонттон өткөрүү | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар, жеке ишкерлер |
92 | Түз-Бел айылына кичи футбол спорттук аянчасын куруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,демөөрчүлөр | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар, жеке ишкерлер |
93 | П.Жакыпов атындагы орто мектебинин жаш спортчуларын күрөшүүчү килем менен камсыздоо | 2018-жыл | Айыл өкмөтү | Жергиликтүү бюджет |
94 | Туз-Бел айылна жаш балдарды сейилдетүүчү жана эс алуучу парк куруу | 2018-2020-жылдарда | Айыл өкмөтү,демөөрчүлөр | Жергиликтүү бюджет,донордук уюмдар, жеке ишкерлер |