Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-марты № 4
БУУӨПтүн “Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү” программасынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлорго каражат бөлүү жөнүндө
Жалпак-Таш айыл аймагынын Түз-Бел жана Кара-Тарык айылдары БУУӨПтүн “Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү” программасына пилоттук айылдар катары киргизилип, программанын алкагында бир нече долбоорлор ишке ашырылып жаткандыктан, аткарылуучу долбоорлорго каражат бөлүү максатында Кыргыз Респуликасынын “Бюджеттик Кодексинин” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына таянып Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. БУУӨПтүн “Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү” программасынын алкагында Түз-Бел жана Кара-Тарык айылдарында ишке ашырылып жаткан таза суу системаларынын санитардык абалык жакшыртуу,Т.Турдубаева орто мектебин таза суу менен менен камсыздоо жана Туз-Бел УДТ№11 ооруканасынын 2-кабатын капиталдык ремонттоо долбоорлорун ишке ашыруу үчүн өздүк салымга сметага ылайык жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин .
2. БУУӨПтүн “Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү” программасынын алкагындагы долбоорлорду аткаруу үчүн тиешелүү акча каражатын жергиликтүү бюджеттин же бюджеттик эмес каражаттардан бөлүү жана ага кепилдик берүү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Эралиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюдет,экономика,экономикалык жактан өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары Ш. Арынов