Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-марты № 5
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө
Жалпак-Таш айылдык кенешинин Регламенитинин 5-бөлүмүнө ылайык айылдык кенештин төрагасы Ш.Арыновдун сунуштаган 2018-жылга карата айылдык кеңештин иш-планын карап чыгып Жалпак-Таш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн иш-чаралар планы алымча кошумчасы менен №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун жана иш-чаралар планынын аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төраганын орун басары Ш. Арынов
Жалпак-Таш айылдык кенешиин 2018-жылдын
12-мартындагы №5 токтомуна №1-тиркеме
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылга карата иш-планы
№ | Иш чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдагы аткарган иштеринин абалы жана жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын угуу | 1-квартал | Бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү |
2 | Айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдардагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн иш-чаралар планын бекитүү
| 1-квартал | Айыл өкмөтү |
3. | Айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдардагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-жыл үчүн милдеттери жана иш-чаралар планын бекитүү
| 1-квартал | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
4. | Жазгы талаа жумуштарын өз убагында сапаттуу уюштуруу жана турак-үй куруу үчүн жер тилкесине муктаж жарандардын маселелерин кароо | 1-2-квартал | Айыл чарба,жер боюнча туруктуу комиссиясы |
5 | Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 6 ай ичинде аткарган жергиликтүү бюджетинин аткарылышын кароо | 2-3 квартал | Бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү |
6 | Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол ондоо,таза суу,таштанды чыгаруу,жакшыртуу жана жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат,депутаттык күн). | 4 айда бир жолу | Туруктуу комиссиялардын торагалары |
7 | Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу | 1-2 квартал | Айыл чарба,жер боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү |
8 | Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин жана айыл чарба эмес жерлеринин пайдаланышы | 2-квартал | Айыл чарба,жер боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү |
9 | Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына жана кышка даярдыгы жөнүндө | 2-3-квартал | Социалдык маселелр боюнча туруктуу комиссиясы |
10 | Аз камсыз болгон,жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн турмуш деңгээлин көтөрүү жана майыптарга,согуш ардагерлерине, тылда кызмат өтөгөндөргө жардам көрсөтүү | дайыма | Социалдык маселелр боюнча туруктуу комиссиясы |
11 | Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчет) | Жылына кеминде бир жолу | Кенештин төрагасынын отун басары,депутаттар |
12 | Коомдук угууларды уюштуруу | 4-квартал | Бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү |
13 | Айылдык кенешке келип түшкөн арыз,даттануу жана кайрылууларды кароо жана аларга анализ жүргүзүү | дайыма | Регламен жана мыйзам боюнча туруктуу комиссиясы |
14 | Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2018-жылдагы кабыл аланган чечимдеринин аткарылышы жана алдыдагы милдеттер жөнүндө | 3-4-квартал | Кенештин төрагасы, айыл өкмөтү |
15 | Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 9 ай ичинде аткарылган жергиликтүү бюджетин кароо | 4-кваратал | Бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү |
16 | Кезексиз сессияларды уюштуруу | Зарылдыгына жараша | Кенештин төрагасы |
Айылдык кенештин төрагасы: Ш.Арынов