Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-марты № 6
Атамбиева Перизат Таалайбековнага жардам көрсөтүү жөнүндө
Атамбиева Перизат Таалайбековна бөйрөк оорусу менен жабыркап, гемодиализ менен жашап жаткандыгы жана ага чет өлкөгө барып операция жолу менен бөйрөк салуу үчүн айыл өкмөтүнөн жардам сурагандыгы жөнүндө Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча комиссиясынын чечимин жана айылдык кеңештин атына жазган арызын карап чыгып,депутаттардын сунуштарынын негизинде Жалпак-Таш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Атамбиева Перизат Таалайбековнага Жалпак-Таш айыл өкмөтү тарабынан чет өлкөгө барып эки бөйрөгүнө операция жасатуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50,0 миң сом акча каражаты жардам катары бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер,билим берүү, маданият,саламаттыкты сактоо,жаштар,спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары Ш. Арынов