Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-марты № 7
Жалпак-Таш айыл аймагында экологиялык коопсуздуктарды сактоо жана турмуш-тиричилик калдыктарын, таштандыларды жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин тандоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесине ылайык турмуш-тиричилик калдыктарын,суюктук акыр-чикирлерди жана таштандыларды жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү коргоо мыйзамына ылайык келе турган жер тилкелерин тандоо жана айлана-чөйрөнү сактоо максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалпак-Таш айыл аймагында экологиялык коопсуздуктарды сактоо максатында турмуш-тиричилик калдыктарын,суюктук акыр-чикирлерди жана таштандыларды жайгаштыруу үчүн айыл аймагынан жер тилкеллери бөлүнүп берилсин.
2. Турмуш-тиричилик калдыктарын,суюктук акыр-чикирлерди жана таштандыларды жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү коргоо мыйзамына ылайык келе турган жер тилкелерин тандоо жана ага тиешелүү иш-кагаздарын даярдоо Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Айыл аймагындагы жол бойлоруна жана калктуу конуштарга турмуш-тиричилик калдыктары жана таштандылар жергиликтүү тургундар тарабынан төгүлүп,айлана-чөйрө булганып жаткандыгы белгиленсин жана айлана-чөйрөнү булгап жаткан жашоочуларга чаралар көрүлсүн.
4. Айлана-чөйрөнү булгап жаткан жашоочууларга чараларды көрүү боюнча мыйзамдуулугун карап,айылдык кеңешке сунуш берүү жана таштанды,калдыктарды чыгаруу,жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жургүзүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын .
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер,билим берүү, маданият,саламаттыкты сактоо,жаштар,спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары Ш. Арынов