Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-марты № 8
Түз-Бел айылынын тургуну М.Бекташовдун балык чарбасын өндүрүү боюнча арызы жөнүндө
Жалпак-Таш айыл аймагынын Түз-Бел айылынын тургуну М. Бекташовдун балык чарбасын өндүрүү үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча айылдык кеңештин атына жазган арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Түз-Бел айылынын тургуну М. Бекташовдун балык чарбасын өндүрүү үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча айылдык кеңештин атына жазган арызы канааттандырылсын.
2. М.Бекташовго балык чарбасын өндүрүү үчүн Түз-Бел айылынын батыш тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
3. Жер тилкесин бөлүү жана тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Жер кыртышынын бүтүндүгүн ,экологиялык коопсуздуктарды сактоо жана жер тилкесин Кырыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына ылайык пайдалануу М.Бекташовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиияга жүктөлсүн.
Төраганын орун басары Ш. Арынов