Редакцияот 03.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIII сессиясы

 

2018-жылдын 3-марты № 126

 

Мырза-Аке айылынын тургуну Мамбеталиев Токтосундун арызы жөнүндө

Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18-статьясын жетекчиликке алып, айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну Мамбеталиев Токтосундун « Асан бар» кафесинин ордуна соода борборун жана ресторан куруусуна уруксат берилсин.

2. Өзгөн райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеӊештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                      А. Кимсанов