Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-марты № 128
Мырза-Аке айылынын тургуну Майрамкан Беделованын арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18-статьясын жетекчиликке алып, айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну Беделова Майрамкан Жөжөбаевна Мырза-Аке- Кара-Кулжа унаа жолунун оӊ тарабындагы 5-06-15-1001-3416 идентификациялык коддундагы жер аянты өнөр жай жана транспорт котегориясынын жер эсебинде тургандыктан, максаттык багытын турак жай багытына өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул менчик үйү Мырза-Аке айылынын башкы планында жок болгондуктан, райондук архитектурадан түзүлгөн менчик турак жайы үчүн чийилген чиймесин бекитүүгө уруксат берилсин.
3 Өзгөн райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеёештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага А. Кимсанов