Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-марты № 130
Мырза-Аке айыл өкмөтНнүн 2017- жылга аткарылышы жана 2018- жылга өткөн каражаттын сметасын бекитүү жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга өткөн каражаттын сметасын бекитүү жөнүндө маселе айылдык кеёешинин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылдын киреше-чыгашасы аткарылгандыгы эске алынсын.
2. 2017-жылдан 2018-жылга өткөн каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү № 1 тиркемеге ылайык 6687, 2 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеӊештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага А. Кимсанов