Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-марты № 134
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ФПС тин жерлери боюнча алып барып жаткан иштери жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18-статьясын жетекчиликке алып, айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ФПС тин жерлери боюнча алып барылып жаткан иштери боюнча адис Н Орозматовдун бул маселени толук даярдап келбегендиги белгиленсин .
2. Айыл өкмөтүнүн ФПС тин жерлеринин кимде эекенин тастыктоочу документи тизмеси менен алып келүүсү жер адиске эскертилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеӊештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага А. Кимсанов