Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIII сессиясы
2018-жылдын 3-марты № 139
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин VI ( чакырылышынын) депутаттарынын депутаттык суроо-талабы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин VI ( чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап ,талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамын жетекчиликке алып, депутаттардын көпчүлүк добушунун негизинде Мырза-Аке айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Өзгөн энергоуголь» жоопкерчилиги чектелген коомдун көмүр өндүрүүчү ишканасына убактылуу колдонууга берилген жер аянты боюнча убактылуу комиссия төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн.
Эргешов Жеӊиш – убактылуу комиссия курамынын төрагасы
Токошев К- убактылуу комиссия курамынын мүчөсү
Разаков Т- убактылуу комиссия курамынын мүчөсү
Жумабай уулу Жеӊиш- убактылуу комиссия курамынын мүчөсү
Маматалиева Марал- убактылуу комиссия курамынын мүчөсү
Бусуев М- убактылуу комиссия курамынын мүчөсү
Орозматов Н- убактылуу комиссия курамынын мүчөсү
Абылкасымов А- убактылуу комиссия курамынын мүчөсү
Матураимов К- убактылуу комиссия курамынын мүчөсү
2.Убактылуу комиссия курамы кезектеги апрель айындагы пландуу сессияга жогорудагы « Өзгөн энергоуголь» жоопкерчилиги чектелген коомдун көмүр өндүрүүчү ишканасына убактылуу колдонууга берилген жер аянты боюнча маселени толук изилдеп комиссиянын бүтүмүн алып келсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага А. Кимсанов